Ош облусундагы Кара-Суу шаарынын батыш жагында жайгашкан банк менен дарыкананын имаратынын чатыры катуу шамалдан улам кулап калды. Мындай маалыматты бүгүн, 27-декабрда "Элдик кабар" рубрикасына окурман WhatsApp аркылуу билдирди.
"Курулуш каражаттары жолго кулап, жол жабылып калган. Учурда тазалоо иштери жүрүп жатат. Чатыр кулаганда ошол жердеги бактарды жыгылткан. Бактыга жараша, кырсык болгон учурда ал жерде адамдар болгон эмес, курулуштун сапатына көңүл бурулушу керек", - деп жазган окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.