Кыргыздар илгертеден эле меймандостугу менен өзгөчөлөнүп келет. Келген конокко дасторкон жайып же конокко жөнөгөндө куру кол барышпайт. Ал үчүн базар кыдырып, бир топ убакыт коротууга да туура келет эмеспи. Эми ал маселени чечүүгө Кыргыз өлкөсүндө өндүрүлгөн “Даяр Дасторкон” азык-түлүгү жардамга келет. 8 түр азыктан турган “Даяр Дасторкон” продукциясы конок тоскондо да, конокко барганда дагы маселенин мыкты чечими деп айтууга болот.
1 килограмм 200 грамм салмактагы “Даяр Дасторкондун” ичинде жогорку сапаттагы момпосуй, печенье, кондитер азыктары, мыкты сорттогу кургатылган өрүк, тазаланган жер жаңгак, мейиз жана араб курмасы бар.
Медербек Жалилов конокко барганда бир топ кыйынчылыктарга туш келгендиктен ал маселени жеңилдетүү максатында “Даяр Дасторкон” азыктардын топтомун иштеп чыкканын айтып берди.
“Мен бир нече жыл чет өлкөдө иштеп жана окуп жүрдүм. Мекениме кайтып келгенде туугандар, достор жана тааныштар конокко чакырып башташты. Биздин салтта жана түшүнүктө куру барбай, сөзсүз бир нерсе ала барыш керек. Ошондой жагдайларда жакынкы дүкөндөргө кирсең ала турганга ыңгайлуу эч нерсе жок. Базарга барсаң абдан көп убакыт кетет. Андан тышкары эркектердин көпчүлүгү үчүн азык тандоо оор маселе. Туура эмес нерсе көтөрүп барып уят болуп калам деп ойлоносуң. Ушундай көйгөйлөргө туш келген соң мындай азыкты чыгаруу ойго келди. “Даяр Дасторкон” ар бир үйдө керектелүүчү даам. Конок келсе дагы, конокко барсаң дагы колдонууга ыңгайлуу болот деп эсептейм. Андан тышкары “Даяр Дасторкондун” ичинде кургатылган азыктар өзүбүздөн чыгат, ал эми момпосуйлар чет элдик, жогорку сапаттагы азыктар”, - дейт Медербек Жалилов.
“Даяр Дасторконду” тандаган мекендештерибиздин саны көбөйө баштады. Анткени ал кардардын убактысын үнөмдөп, тандоонун алдында турган кожойкеге мыкты жардамчы. Ошондой эле эң негизгиси жергиликтүү, экологиялык таза азыктардын топтому ата мекендик продукцияны колдоодо башкы орунда турат. “Даяр Дасторкон” – жайыл дасторкон!