Фотосүрөтчү Иван Турковский Ысык-Көлдүн жээгин байырлаган кызыл канат канаттууларынын (фламинго) сүрөттөрүн социалдык тармактагы баракчасына жарыялады. Анын билдирүүсүндө, сүрөттөр өткөн жылдын декабрь айында тартылып алынган.
"Ооба, бир караганда таң калычтуу деле эмес, бирок бул экзотикалык канаттуу жер которуу мезгилде биздин өлкөдөн көрүүгө болот. Мен аны Ысык-Көлдүн жээгинен кездештирдим. Тилекке каршы, алардын так жайгашкан жерин айта албайм. Себеби канаттууну көргүсү келгендер ага зыян келтирип коюшу мүмкүн. Биз анын табигый баалуулугун сактап, керемет өлкөдө жашап жатканыбызды эстеп, аяр мамиле жасайлы", - деп жазган.
Маалыматтар боюнча фламинго Түштүк Европада, Африкада, Түштүк Азияда жана Бирманын чыгыш тарабында байырлашат. Кыргыз жергесине фламинго кокусунан учуп келген канаттуу. Аталган фламинго көбүнчө Нарын облусу менен Ысык-Көлдүн жээгинде кездешет деп айтылат.
Алгач, фламинго 1933-жылы февраль айында Ысык-Көлгө учуп келгени белгилүү болуп, 1954-жылы күз айларында Ысык-Көлдүн түштүк-батыш жээгинен 4 фламингонун жүргөнү такталган. 1998-1999-жылдары кышында Балыкчы шаарынын аймагында 12 канаттуу, 2002-2003-жылдары бир фламинго бар экени маалым болгон.