Прокурорлор Аида Салянованын ооруп жаткандыгы тууралуу тил катка ишенбей, дарыгерди сотко келип көрсөтмө берүүгө мажбурлашты. Бул тууралуу бүгүн, 9-январда Аида Салянованын жактоочусу Чынара Жакупбекова билдирди.
"Сотко келген дарыгер Салянованын ооруп жатканы чын экенин, аны ооруканада бейтаптары күтүп жатканын айтып мажбурлап алып келишкенине нааразы болду. Ал Саляновага жүрөк клапанынын өнөкөт ичкерүүсү деген диагноз коюлганын, ага отурумга катышууга болбой турганын айтты. Сотко отурумду убактылуу токтотуу тууралуу өтүнүчтү карап, отурумду 10-январга саат 10:00гө жылдырды", - деди жактоочу.
Эскерте кетсек, 30-декабрда Бишкек шаардык сотунда депутаттын жактоочусу Чынара Жакупбекова Салянованын жүрөк оорусу кармап, соттон отурумду узак убакытка дайындабоону өтүнгөнүн айткан.
Бүгүн болсо соттук коллегиянын төрайымы Ирина Воронцова Аида Салянованын сот отурумуна келбей жаткандыгын аныктоо үчүн отурумду түштөн кийинкиге жылдыруу чечимин кабыл алган. Ага чейин прокуратура Салянованын кайсы ооруканада, кайсы дарттын негизинде дарыланып жаткандыгын аныктамак.