Орусияда каза болгон Кыргыз жарандарынын биринин сөөгү мекенине 11-январда алынып келет

Орусиянын Москва шаарында 29-декабрдан бери изделип жаткан 1980-жылы туулган Ж.Искендер Т. жана 1981-жылы туулган М.Мурат М. аттуу эки Кыргыз жаранынын жансыз денеси табылып, киши колдуу болуп каза болгону белгилүү болду.

Алардын бири М.Мураттын сөөгү Кыргыз жерине учак аркылуу 11-январда алынып келет.

Маркумдун балдызы Айзаданын SUPER.KG'ге билдиргенине караганда, сөөктү алып келүү үчүн жакындары Москва шаарына учуп кетишти.

"Жездемдин сөөгү өзү туулуп-өскөн Өзгөн районундагы Шагым айылында жерге берилет. Бул күн жездемдин өзүнүн туулган күнү болчу", - деди Айзада.

Учурда сөөктү алып келүү үчүн жана анын 7 жаштагы баласынын операциясы үчүн Орусиядагы мекендештер тарабынан акча жыйналууда. "Боордоштор" кайрымдуулук тобун жетектеген Жылдыз Осмонова түшкө чейин атайын эсепке 215 миң 600 рубль акча чогултулганын билдирди.

Ал эми каза болгондордун бири Ж.Искендердин сөөгү Кыргыз жерине качан алынып келери азырынча белгисиз.

Мураттын артында эки уул, бир кызы, Искендердин артында бир уул, бир кызы калды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
sainazarov0555
2018-01-09 20:20:10
Мм жаман иш болуптур, туугандарына сабыр.
+6
asanaliev.s
2018-01-09 22:29:15
Аллахым билип билбей кылган куноолорун озун кечиргин жаткан жери жайлуу топурагы торко болсун.Жакындарына сабыр берсин.
0
turmus
2018-01-09 23:37:18
Жылдыз эже азаматсын!
0
Istina1000
2018-01-10 00:07:55
Эээ, Аллахым, ушул мусапырлардын жанын Жаннатта кыла кор. Ылайым, ушулардын канына забын болгондордун жазасын Аллахым бул дуйнодо да, аркы дуйнодо да бер...
+3
Sagyn.91
2018-01-10 02:19:39
Жаткан жерлери жайлуу болсун.
Ар кандай версиялар айтылып журот. Ким болсо да жазасы турмо!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан