Орусияда киши колдуу болуп каза болгон Кыргыз жараны Мурат Маматалиев менен Искендер Жолборсовдун сөөгү кичи мекенине алынып келди. Бул тууралуу 10-январда SUPER.KG'ге маркум Мураттын балдызы Айзада кабарлады. Маалым болгондой, экөөнүн сөөгү бүгүн туулуп-өскөн Өзгөн районундагы Шагым айылында жерге берилет.
"Каза болгондордун сөөгү бүгүн эртең менен Шагым айылына алынып келди. Учурда акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүп жатат. Ал эми Орусияда мекендештер тарабынан чогултулуп жаткан каражат жездемдин сөөгүн алып келүүгө жана 7 жаштагы баласынын операциясы үчүн гана жыйналып жаткан. Бирок Искендердин сөөгүн алып келүүгө да ошол каражаттан жумшалды", - деди Айзада.
Эскерте кетсек, Орусиянын Москва шаарында 29-декабрдан бери изделип жаткан 1980-жылы туулган Искендер Жолборсов жана 1981-жылы туулган Мурат Маматалиев аттуу эки Кыргыз жаранынын жансыз денеси табылып, киши колдуу болуп каза болгону белгилүү болду.
Мураттын артында эки уул, бир кыз, Искендердин артында бир уул, бир кыз калды. ИИМдин маалыматына ылайык Искендер Жолборсов 2015-жылдан бери уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турган.