Орусияда мыкаачылык менен өлтүрүлгөн Кыргыз жаранынын сөөгү жерге берилди (фото)

Орусияда киши колдуу болуп каза болгон Кыргыз жараны Мурат Маматалиевдин сөөгү өзү туулуп-өскөн Өзгөн районундагы Шагым айылында жерге берилди. Бул тууралуу SUPER.KG'ге маркумдун балдызы Айзада кабарлады.

Мураталиев жана аны менен бирге каза болгон Искендер Жолборсовдун сөөгү бүгүн, 10-январь күнү эртең менен Москва шаарынан учак аркылуу алгач "Ош" аэропортуна алынып келип, андан кийин кичи мекени Шагым айылына жеткирилген.

Эскерте кетсек, Орусиянын Москва шаарында 29-декабрдан бери изделип жаткан 1980-жылы туулган Жолборсов жана 1981-жылы туулган Маматалиев аттуу эки Кыргыз жаранынын жансыз денеси табылып, киши колдуу болуп каза болгону белгилүү болгон.

Мураттын артында эки уул, бир кыз, Искендердин артында бир уул, бир кыз калды. ИИМдин маалыматына ылайык, Искендер Жолборсов 2015-жылдан бери уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турган.

Факты боюнча Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин 105-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери уланууда.




РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
taalay25
2018-01-10 14:15:02
Кор Замана!
Зор Змана, Эл тентиди, сокку жеди, таяк жеди. Сурап алар ишенген аламдарын маселени чечуунун ордуна "рахмат силерге! Силер биздин эн ири инвестор болуп эсептелксинер!",-дейт. Чыда кыргызым "биз куткон кун дагы чыгып нурун чачар бир куну!"
+8
abdul.kg
2018-01-10 14:41:51
жанындагы шериги туралы емнеге малымат бербейсинер
+4
KGstan1981
2018-01-10 15:02:23
Казанга жакын журсо,коосу жугат,ууруга жакын журсо,чуусу жугат.Эмне болсо дагын эми кеч болду Жайы Жаната болсун оомийн!
+11
Reakciya
2018-01-10 17:34:55
Суротторундо корунуп эле турушат черный перный экендери.
+4
meerimka86
2018-01-10 18:37:41
Искендери черный экен, Мурат кошулуп калган го жон жерден байкуш.Озунун косяктарын билгенден кийин , куноосу жок адамды неге ээрчитип алды экен тиги.Жаткан жерлери жайлуу болсун!
+4
MoltirJan
2018-01-10 19:34:54
Москвадагы туугандар силер да этиЯт болгула.Саяк жургон таяк жейт .Азыр ото коркунучтуу болуп калды Москва...
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан