Министрлик: "Сасык тумоо менен ооругандар көбөйүп, ооруканалар күнү-түнү иштөөдө"

Сасык тумоо сыяктуу вирустар менен ооругандар көбөйүп, ооруканалар күнү-түнү иштөөдө. Бейтаптарга медициналык жардам көрсөтүү үчүн Бишкек шаарындагы айрым ооруканаларга график түзүлдү. Мындай маалыматты бүгүн, 11-январда SUPER.KG порталына Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Маалым болгондой, учурда ооруканалар түзүлгөн график боюнча кезектешип иш алып барышууда. Кайрылгандарды кабыл алуу үчүн Эне жана баланы коргоо улуттук борбору, Бишкек шаардык №3-балдар ооруканасынын медициналык "Тез жардам" кызматы, Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасы жана Чүй облустук бириккен ооруканасынын балдар бөлүмү 24 саат бою иштөөдө.

"Эгер сасык тумоо менен ооругандар "Тез жардам" кызматына кайрыла турган болсо, алар график боюнча иштеп жаткан ооруканага алып барышат. Ал эми өз алдынча ооруканага кайрылгандарды баш тартуусуз кабыл алуу жана абалы турукташканча кароосу камсыздандырылды", - деп билдиришти аталган министрликтен.

Эскерте кетсек, бүгүн, 11-январдагы Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Акылбек Жамангулов Бишкекте ооруканада ата-энелер ымыркайлары менен беш сааттап кезек күтүп турганын айтып, кыш мезгилинде ооруканаларда кошумча бөлүмдөрдү ачуу маселесине көңүл буруу боюнча өкмөттүн өкүлүнө кайрылган.

Кошумчалай кетсек, бул маселе боюнча SUPER.KG порталынын "Элдик кабар" бөлүмүнө да көптөгөн кайрылуулар байма-бай келип турат. Алсак, "Элдик кабардын" декабрь айынын жеңүүчүсү дагы дал ушул Бишкек шаарындагы ооруканалардагы кезек күтүү маселесин көтөрүп чыккан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан