О! Мобилдик оператору түштүктө байланыштын дагы ондогон жаңы объектилерин курду

О! Мобилдик операторунун техникалык башкармалыгынын кызматкерлери ай сайын эфирге ондогон жаңы базалык станцияларды чыгаруу менен инфраструктуранын курулушун жогорку темпте улантып жатышат. Жакында эле Баткен облусундагы байланыштын сапатын жакшыртуу максатында 3G жана 4G стандартындагы 70тен ашуун байланыш объектилери ишке киргизилген. Түштүк аймагы боюнча акыркы маалыматтарга ылайык, 3G/4G-тармактарынын камтуусунун көбөйүшүнүн натыйжасында, мобилдик маалыматтарды жиберүү ылдамдыгынын да жогорулашын төмөндөгү калк жашаган пункттардын тургундары сезе алышат:

Жалал-Абад облусунда: Жалал-Абад, Кара-Көл шаарларында, Нарын, Кызыл-Жар, Жар-Башы, Күмүш-Азиз, Мукур, Жаңгактуу-Булак, Авлетим (мурунку Афлатун), Коргон, Байкашка-Терек, Алга, Кызыл-Туу, Чарба, Ак-Тоо, Кой-Таш, Жаңы-Жол, Шима, Ак-Жол, Жергетал (мурунку Успеновка), Атана, Чие, Байкишлак, Ак-Суу, Коргоон-Дөбө, Ак-Сай, Боспиек, Кызыл-Ата, Өрүктү, Жойбелент, Ак-Башат, Кара-Кысмак, Арсланбоб айылдарында.

Ош облусунда: Ош шаарынын Анар микрорайонунда, Кара-Суу жана Ноокат шаарларында, Бий-Мырза, Көк-Жар, Каранай, Борбаш, Ден-Булак, Кара-Дарья, Бакмал, Сопу-Коргон, Гагарин атындагы, Миязды, Осоавиахим, Кызыл-Булак, Орто-Суу, Кара-Таш, Талды-Булак, Тогуз-Булак, Боз-Караган, Кара-Шоро, Арпа-Тектир (мурунку Крупское), Кызыл-Ой, Мангыт, Янги-Арык, Төлөйкөн, Кесек, Ак-Шор, Жеке-Мисте, Найман, Сары-Таш, Хауз, Кандава, Чечебай (мурунку Киров), Курбан-Кара, Савай-Арык, Присавай, Савай, Сары-Колот, Большевик, Коммунизм, Калинин атындагы, Каарман, Учкун, Маданият, Таш-Арык, Жар-Ооз, Правда, Алга, Мамажан, Агартуу, Гайрат, Кыш-Абад, Бирлик (мурунку Прогресс), «Алай» адистештирилген чарбасы, Кыдырша, Кызыл-Шарк, Жаңы-Арык, Отуз-Адыр, Найман, Алашан, Беш-Буркан (мурунку Ынтымак), Үчбай, Өсөр, Ак-Чабуу, Гүлстан, Кызыл-Тейит, Чапаев атындагы, Туз-Бел, Үчкаптал, Арал, Ак-Терек, Шагым (Социализм), Аю, Зергер, Кайрат, Курбу-Таш, Киров, Алтын-Булак (мурунку Кузгун), Кароол, Орто-Арык айылдарында.

Өлкөнүн мындан дагы көбүрөөк тургундарына жеткиликтүү, жогорку ылдамдыктагы мобилдик интернетти шарттай турган үчүнчү жана төртүнчү муундун тармагы менен камтуу аймагын олуттуу кеңейтүү – компаниянын пландарына кирет. Талас, Нарын, Ысык-Көл жана Чүй облустарынан келе турган жаңылыктар кезекте турат. О! түйүнүнүн камтуу картасы менен бул жерден таанышсаңыз болот, ал эми түйүндүн өнүгүү динамикасын шилтемеден байкай аласыз.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Parish
2018-01-12 11:56:17
Жалал Абад областынан Чаткал районунун Жаныбазар айылын кошуп койсо жакшы болмок. Кутконубуз эле ушу.
0
vavilon.
2018-01-12 14:56:38
Молодец О! Жакынкы арада 5G кутобуз.
+2
aksy.koi-tash
2018-01-12 18:25:37
Бизге 4Gда койсоңор жакшы болмок
0
Okgmobile
2018-01-15 14:17:14
aksy.koi-tash, саламатсызбы. Сиз кайсы жерде жашайсыз?

Урматтоо менен,
О! мобилдик оператору.
0
A_matiev
2018-01-13 00:05:49
тузбел айылында 3G жакшы иштебей жататго
0
Okgmobile
2018-01-15 14:25:14
A_matiev,
Саламатсызбы. Кайрылганынызга рахмат. Тилекке каршы, Сиздин районуңузга кошумча базалык станция орноштуруу компаниянын пландаштыруусунда жакынкы арада жок.

Урматтоо менен,
О! мобилдик оператору.
0
Eli.91
2018-01-13 11:20:47
Саламатсынарбы 0!бизде о!ото начар тартат,биз жакада бир келип интернетти жакшыртсанар болмок экен,биз жайылская област кара-суу айыл окмот ставрапаловка айылы,бир карап койосунар деген умуттомун?мегаком билайн о! Бирида жакшы тартбайт,интернет ото начар баарынан.
0
Okgmobile
2018-01-15 14:23:49
Eli.91, саламатсызбы.

Азыркы учурда, Сиз айтып кеткен райондо 3G базалык станция иштеп жатат. Кошумча станцияны орноштуруу азырынча компаниянын пландаштырууда жок. Бирок сиздин каалоонузду сөзсүз түрдө эске алдык. Кайрылганызга ыраазычылык билдиребиз.

Урматтоо менен,
О! мобилдик оператору.
0
ere
2018-01-26 15:42:07
Рахмат .О. Колдук айылынан тартып калды 3G
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан