Бүгүн Бишкекте "Ала-Тоо" аянтындагы башкы балатыны жыйноо иштери башталды

Бүгүн, 15-январда борбордун "Ала-Тоо" аянтында орнотулган башкы балатыны жыйноо иштери башталды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына мэриянын басма сөз кызматчысы Калперизат Айдарбекова билдирди.

Белгилей кетсек, башкы балатынын чырактарын жандыруу салтанаты мындан 1 ай мурун, тактап айтканда, 15-декабрда болуп өткөн. Балатыны кооздоо үчүн 1 миллион 200 миң сом сарпталса, борбордук аянттагы жаңы жылдык композицияларды орнотуп, жасалгалоого 2 миллион 800 миң сом коротулган. Ага 7 балаты, үй түрүндөгү 2 жаңы жылдык конструкция, жарык берүүчү 12 торшер, "2018" деп жазылган белги жана жарыктары жанган майрамдык кооз оргума коюлган. Мындан тышкары 19 декоративдик көлөмдүү инсталляция, бак-дарак түрүндө жасалгаланган композиция жана жарыктандырылган 10 шар коюлган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
luuntik
2018-01-15 16:35:11
эмне эрте алып жатышат январ ичи да койсо болмок, барбагандар канча
+5
zhykyo
2018-01-15 16:42:17
Кое турса болмок
+3
O.dembele
2018-01-15 17:20:55
Мен да оорудан айыгып бир коройун дегем,алып коюшат турбайбы
+2
Batma.Sh
2018-01-15 18:08:41
Не кылышат экен,алгандан кийин?
Кийинки жылга дагы мынча акча короттук деп чыгышат.
+1
Rasul94
2018-01-15 18:40:32
уйуно алып барышып койушат да
+1
Makkambaev97
2018-01-15 23:25:05
Уйуго алып барып кийинки жылы дагы алып келет
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан