Депутат Алмамбет Шыкмаматовдун соту 23-январга жылдырылды

Жогорку Кеңештин "Ата Мекен" фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматовдун соту 23-январга жылдырылды. Бул тууралуу бүгүн, 16-январда SUPER.KG порталына депутат өзү билдирди.

Бүгүн Бишкек шаардык сотунда депутаттын иши каралмак. Шыкмаматовдун айтымында, соттук отурум мамлекеттик айыптоочу келбегендиктен жылдырылды. "Соттук отурум 23-январда саат 10:00дө өтөт", - деди.

Белгилей кетсек, депутат Алмамбет Шыкмаматов Биринчи Май райондук сотунун чыгарган чечимине каршы экенин билдирип, Бишкек шаардык сотко өткөн жылдын 28-декабрында арыз берген. Анын билдиришинче, Башкы прокуратура да ага коюлган айыптын көлөмү аз экендигин билдирип шаардык сотко кайрылган.

19-декабрда Биринчи Май райондук соту тарабынан депутат Алмамбет Шыкмаматовго, Эсептөө палатасынын мурдагы аудитору Жусуп Иманалиевге жана Германиянын Кыргыз мамлекетинде жашаган жараны Али Юкселге өкүм чыгарылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан