ТИМ: "Казакстанда күйүп кеткен автобуста каза болгондордун жана жаракат алгандардын арасында Кыргыз жарандары жок"

Бүгүн, 18-январда Казакстанда 52 адам күйүп кеткен автобустун ичинде калып каза болду. Автобустун ичинде 55 жүргүнчү, эки айдоочу болгон. Ал эми 5 адам ар кандай жаракаттарды алышкан. Кыргыз мамлекетинин Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматынан SUPER.KG'ге кабарлашкандай, алардын арасында Кыргыз жарандары жок. "Казакстандагы консул менен байланышканыбызда, алдын ала алынган маалыматтарга таянып каза болгон жана жаракат алгандардын арасында биздин жарандарыбыз жок экендигин билдиришти", - дешти ТИМден.

Маалыматтарга караганда, кырсык Казакстандын Ак-Төбө облусунда жергиликтүү убакыт боюнча саат 10:30 чамаларында катталган. Өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар комитетинин өкүлү Руслан Иманкуловдун айтымында, Самара-Ташкент багыты боюнча каттамдагы Икарус үлгүсүндөгү автобус облустагы Калыбай деген айылдын тушуна келгенде күйүп кеткен. Алдын ала маалыматка караганда, автобустун ичинде каза болгондордун баары Өзбекстандын жарандары экени айтылууда.

Казакстанда 52 адам күйүп кеткен автобустун ичинде калып каза болду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
Abdizhapar
2018-01-18 14:58:10
жаман болуптур. жайлары жаннаттан болсун
+6
evra_kg
2018-01-18 14:58:59
Бейишин берсин жаратканым эмнедеп чыгыптыр экен а
+1
Djal1987
2018-01-18 15:17:10
Шалаакылык деп ойлойм. Сын такпайын Аллах таразалайт.
-1
Tractorist
2018-01-18 17:37:53
Урматтуу кыргыз туугандар,акчанардан кызганбай билет алып поезд же самолёт менен кеткенге арекет кылгыла.Бул жолдо мен да машина айдап баргамын,ото кооптуу трасса.3-4 мин рубльга караганда озубундун омурубуз артыгыраак.Аллахым озун туугандарына сабыр бер...
+3
SaLtY
2018-01-18 17:50:49
52 Адам???? Терезелерин чагып чыгышса болмок экен ииий Иий журогум ооруп чыкты,чыркырап байкуштар Иий
+4
muslim87
2018-01-18 19:16:08
Аллахым асмандардан жана жерлерден келүүчү жаман апааттардан өзү сактасын. Аллахым каза болгондордун жанын жаннатта кылсын жакындарына сабр берсин амиин.
+4
Okna
2018-01-18 19:26:08
2-3 ай мурдале ушундай болду эле дагы 52 Адам кызык тушунуксуз кантипле бирда чыгып кетпеген Жаннаттан болушсун омиин
+1
Dalil
2018-01-18 22:14:52
Адамдар эмне болуп баратабыз жайбаоакат отуруп видеого тартып отурганын. Адамдын өмүрүнөн жүктөлгөн видеого басылган класс ошончо жогору болуп калганбы?
0
aitowa11
2018-01-19 00:24:36
Эмне болуп куйуп кетиптир экен. Эч Ким жардам бербейтко. Телефонго тарткыча айнектерин сындырып чыгарганга жардам беришсе болмок
+1
aliakg90
2018-01-19 11:24:08
Жайлары жаннаттан болсун. Эмнеден ор чыкты экен ушунчалык тез отттонуптур... ((( кудай сактасын
0
bakulya2015
2018-01-20 15:13:05
Тообо кылдым жаткан жерлери жайлуу болсун
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан