Бүгүн, 19-январда Жогорку Кеңештин “Республика-Ата Журт” фракциясынын жыйынында жол коопсуздугун камсыз кылуу маселелери талкууланат. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, жыйында премьер-министр Сапар Исаков жол коопсуздугу системин реформалоо боюнча баяндама жасамакчы. Кошумча баяндамачы катары ички иштер министри Улан Исраилов жана Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчиси Канат Жумагазиев чакырылган.