Орусияда үйдүн 5-кабатынан кулап кетип ооруканада жаткан Жаркынай дарылануусун Бишкекте улантат

Орусиянын Москва шаарында көп кабаттуу үйдүн 5-кабатынан кулап кетип ооруканада жаткан Жаркынай Юсупова дарылануусун Бишкекте улантат. Бул тууралуу ал бүгүн, 19-январда SUPER.KG'ге кабарлады. Анын айтымында, учурда Бишкекке келүү үчүн тийиштүү документтер даярдалып жатат.

"Эртең саат 18:30 чамаларында мени учак аркылуу Бишкекке алып барып, андан ары профессор Сабырбек Жумабеков жетектеген бейтапканага жаткырышат. Мага ал жерден дагы үч ирет операция жасоо керек. Дарыланууну бул жерде улантуу өтө эле кымбат болуп жатат. Бир күн жатканым үчүн эле 5 миң рубль төлөп жатабыз. Абалым жакшы болгонго чейин дагы канча күн дарыланарым белгисиз. Ошондуктан Бишкекке алып барышат. Кеткен чыгымдар Орусиядагы мекендештер тарабынан чогултулган акчадан сарпталып жатат", - деди Юсупова.

Жаркынай ушул жылдын 1-январында саат 07:00дөр чамасында терезеге парда тагып жатып 5-кабаттан түшүп кеткен. Кулап түшкөндөн кийин эс учу жок абалда шаардагы ооруканалардын бирине жаткырылган. Эки күндөн кийин ал эсине келип, жаракат алган жерлерине алгачкы операция жасалган. Өзүнүн айтымында, эки буту сынып, омурткасы жабыркаган. Мындан улам белинен ылдый тарабы эч нерсе сезбей жатат.

Жалал-Абад облусундагы Майлуу-Суу шаарынын 29 жаштагы тургуну Жаркынай 10 жылга жакын убакыттан бери Орусияда иштеп келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
kutman-kg94
2018-01-19 19:13:05
Жакшы болуп кет оомин
+8
jaskaaa
2018-01-19 19:28:17
Жакшы болуп кетсин
+9
Jamalym
2018-01-20 00:26:06
Эсен-аман сакайып кет.Аллах колдосун!
+2
aydarken
2018-01-20 13:50:21
Эсептик карта номерин берип койсонор жакшы болмок
+1
Kemel29101981
2018-01-20 14:11:19
1-январь куну эрте мененки саат жетиде терезеге парда тагып?
+1
Magusi
2018-01-20 20:14:32
Kemel29101981,ооба не болуптур??Танкы 7 де терезени ачып парда тагыптыр.Аллахым шыпаасын берсин
0
Malik92
2018-01-20 21:48:40
Kemel29101981,Кырсык каш-кабактын ортосунда дешет.Мигранттар учун майрам жок.Жумушка шашып жаткандыр.Же бош убактысында парданы тагып коеюн дегендир.Оюбуз жаманга кетпесинчи.Бироо туртсо сразу эле кылмыш козголмок.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан