Орусиянын Москва шаарында көп кабаттуу үйдүн 5-кабатынан кулап кетип ооруканада жаткан Жаркынай Юсупова Бишкекке алынып келди. Учурда ал шаардагы №4-ооруканага жайгаштырылып дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп жатканын SUPER.KG'ге жарандык активист Дайыр Орунбеков кабарлады.
Анын айтымында, Жаркынайга операция качан жасала турганы 22-январда белгилүү болот.
"Жаркынайды 20-январь күнү "Манас" аэропортунан тосуп алып №4-ооруканага жеткирдик. Дарыгерлер кабыл алып, ооруканага жайгаштырышты. Операцияны профессор Сабырбек Жумабеков жасайт экен. Ал киши эртең кыздын абалы менен таанышып, андан соң операция жасалчу күнүн тактайт", - деди Орунбеков.
Ал эми Жаркынайдын операциясына жардам иретинде Орусияда иштеген мекендештер тарабынан 228 миң 350 рубль чогултулган.
Белгилей кетсек, Жаркынай ушул жылдын 1-январында саат 07:00дөр чамасында терезеге парда тагып жатып 5-кабаттан түшүп кеткен. Кулап түшкөндөн кийин эс учу жок абалда шаардагы ооруканалардын бирине жаткырылган. Эки күндөн кийин ал эсине келип, жаракат алган жерлерине алгачкы операция жасалган. Өзүнүн айтымында, эки буту сынып, омурткасы жана оң колу жабыркаган. Мындан улам белинен ылдый тарабы эч нерсе сезбей жатат.
Жалал-Абад облусундагы Майлуу-Суу шаарынын 29 жаштагы тургуну Жаркынай 10 жылга жакын убакыттан бери Орусияда иштеп келген.