SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Ата-эненин кадырын көзү барда билип жүр" деген тема талкууга алынган. Анда автор: "Ата-энеңиз үчүн айта турган жүрөгүңүздүн сырын, алар үчүн жасаган жана жасай турган иштериңиз жөнүндө ой бөлүшүүгө чакырам. Алардын кадырына жетүү үчүн кандай эмгек жумшадыңыз?" - деген суроосун калтырган.
Темадагы билдирүүлөрдөн:
"Мен ата-энем үчүн муну кылдым, тигини кылдым деп айта албайм. Себеби алардын эмгегинен биз эч качан кутула албайбыз. "Эненин таманында бейиш төрү" дегендей, адам баласы ата-энесин ыраазы кылмайын, Кудай дагы андан ыраазы болбойт. Ата-эне жеке мен үчүн баары, алар үчүн өмүрүмдү да аябайм. Алар мени ушундай кылып багышты, окутуп-чокутушту, алтын энем омурткасы сыздап 9 ай көтөрүп жүрдү, айта берсем аягы жоктой сезилет. Атам-энем эмне айтса, колумдан келишинче аткарганга аракет кылам, алардын сөзү мен үчүн мыйзам. Алардын сезими - бул мээрим да. Мээрим дайыма сүйүүдөн күчтүү болот. Себеби сүйүүдө жооп күтүлсө, мээримде бир гана берүү болот, анда кайра жооп күтүү деген жок. Биз деп жашап, бизге мээримин төккөн алтын апаларыбыз, акыл сөз айтып тарбия берген кымбат аталарыбыз ар дайым аман болушсун".
"Аттиң десең, ата-энем болсо кана... Арман дүйнө асылдарымдан эбак эле ажыраткан. Бактылуу балалыгымды эстесем, бут алдында жер көчөт. Көчөдөн ак сакал аталарды, ак жоолук энелерди көрүп сыздай берем. А бирок эч нерсе кыла албайм. Жараткандын өкүмү да. Ата-энелүүлөргө суктанам, эң бактылуу адамдар алар. Жыгылса тургузар, ыйласа сооротор колдоочулары бар. Ата-энени баалай билгиле, ак сүт менен ак эмгекти эч качан актай албайбыз. Бар болсун ата-энелер, баарыбызга бата берер асылдар. Ата-энесиз өткөн күндөр курусун".
"Алыста жүрүп, айылга барганда апамдын карый түшкөнү көз алдымда. Кеч үй-бүлө кургандыктан апам бизди чоңойтом деп көп эле кыйналды, жанында жүрүп жарымын мен көтөрдүм окшойт, тун кызы болуп. Буюрса, алаканыма салып бапестеп багам. Бирок качан болбосун ак аралаган чачын көргөндө жүрөгүмдү бирдеме "тыз" эттирип тилип кетет, ошондой мезгилде апамды убакыттан калкалап калгым келет. Мен өзүм үчүн өлүм жөнүндө ойлосом коркпойм, эмнегедир ал мени анча ойлонтпойт. Бирок апам дегенде калтырайм, калкалаган тоом болгон жакын адамымды ага кыйгым келбейт. Мени урушса да мейли, баарына кайылмын, бир гана мени менен болсо болду, жанымда апамдын көздөрү болсо болду, ошонусу мага дем-күч, кайрат. Канчалык чоңойгон сайын апама эркелечү болдум, жашым өтүп баратса да апамдын алдында кичинекей болуп кетем. Апамдын бар экенинин өзү мага чоң майрам, салтанат".
"Ата-энелер баланы жарык дүйнөгө алып келгени үчүн эмес, аны адептүү, ардактуу кылып тарбиялап, эрезеге жеткиргендиги үчүн алкышка татыктуу болушат".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.