Бүгүн, 25-январь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.
Өкмөт өлкөдөгү таза суу маселеси боюнча Жогорку Кеӊешке маалымат берди. Вице-премьер Дайыр Кенекеевдин билдиришинче, учурда 650 айылда таза суу көйгөйү бар. 2018-жылы 150 айылда суу көйгөйү чечилери күтүлүүдө, калган 500 айылдын маселеси кийинки жылдарга калат.
Бул маселе каралып жатканда Жогорку Кеӊештин жыйындар залында 120 депутаттан 30 гана депутат отурду. Элдин көйгөйлөрүнө карата эл өкүлдөрүнүн мамилеси ушундай жөнөкөй сандар менен эле түшүнүктүү болчудай.
2017-жылы күзүндө президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбеков берген убада боюнча, 5 жыл ичинде Кыргыз өлкөсүндө таза суу маселеси 100 пайыз чечилүүгө тийиш. 2017-жылы бул тармакка мамлекеттик казынадан 250 миллион сом бөлүнгөн. 2018-жылга да ушундай эле сумма каралды. Өлкөдө таза суу көйгөйүн чечүүгө деп эл аралык каржы уюмдарынан гранттык, кредиттик жардамдар көп алынган. Мисалы, 2017-жылы бир эле Өзгөн шаарын таза суу менен камсыздоого Европа өнүктүрүү банкы 8 миллион 500 миң евро жана 2 миллион 75 миң доллар гранттык каражат бөлүп берген. Ушундай эле миллиондор Балыкчы, Майлуу-Суу, Токтогул өӊдүү шаарларда таза суу маселесин чечүүгө берилген. Эл эртеби-кечпи төлөй турган акчалар натыйжалуу пайдаланылып жатабы? Маселе ушунда.
Депутат Жанар Акаев миллиондогон гранттар бөлүнүп, өлкөбүз Борбордук Азияда суунун лидери деп айтылып жүргөнү менен, эл таза суу менен камсыздала электигин сындады. Башка депутаттар да таза сууга деп убагында миллиондоп карыз алынганын, азыр өлкө суудан жок же акчадан жок абалда экенин айтышты. Өкмөттүн маалыматына таянсак, 26 жылда Кыргыз өлкөсү таза суу тармагына сырттан жалпы 300 миллион доллар каражат алган. 2017-жылы Жогорку Кеӊеште "390 айылда таза суу жок экени өкмөттүн отчётунда 10 жылдан бери жазылат" деп, өлкөнү таза суу менен камсыздоо ишинде жылыш болбой жатканын сындашкан. Бүгүн депутаттар таза суу маселеси жарандардын ден соолугу үчүн маанилүү экенин, таза суудан акча аяган коом ал акчаны дары-дармекке жумшоого аргасыз болорун айтып өкмөт мүчөлөрүнөн бул маселени биротоло чечүүнү талап кылышты. Ал эми таза суунун булагы болгон мөӊгүнү талкалоого Жогорку Кеӊеш уруксат бергени жөнүндө сөз болбоду...
Парламент 2017-жылы Өзгөндөгү жер көчкү жана Чоӊ-Алайдагы жер титирөөнүн кесепеттерин жоюу боюнча Жогорку Кеӊештин тапшырмалары кандай аткарылганы боюнча маалымат алды. Эске салсак, 2017-жылы мартта Өзгөндүн Ничке-Сай айылында 1 үй-бүлөнү жер көчкү басып калган. Апрелде Өзгөндүн Аюу айылында жер көчкү жүрүп, 24 адам жер алдында калган. Кырсыктан кийин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги айылдын жашоочуларына башка жакка көчүп кетүү сунушталып жүргөнүн, бирок алар баш тартып коюшканын айтып чыккан. Ушул эле сөздү өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов бүгүн да айтты. "Ничке-Сай айылында көчкү жүрүү коркунучу бар, бирок эл көчүп кетпей жатат. Себеби - бөлүнгөн жер тилкелери элге жакпайт", - дейт Боронов.
Былтыр Өзгөндөгү кырсыктан кийин Жогорку Кеӊеште "кырсыктын алдын албады" деп Ош облусунун жетекчиси Таалайбек Сарыбашовду, Өзгөндүн акими Олжобай Осмоналиевди кызматтан алуу талабы айтылган. Ал кездеги вице-премьер Жеӊиш Разаков жергиликтүү бийлик башчылардын жоопкерчилиги 10 күндүн ичинде караларын айткан, азыркы тапта Сарыбашов да, Осмоналиев да мурдагы эле кызматында. Кырсыктан кийин айыл тургундары үчүн 241 үйдүн курулушу башталган. 2017-жылдын октябрына карата 117 үй-бүлө турак үйлөрүн бүтүрүп, кирди. Ал эми 75 үйдүн дубалы курулуп, 49 үйдүн чатыры жабылган боюнча калган. Бүгүнкү күндө республикада жер көчкү жүрүү, суу алып кетүү коркунучунда турган дагы 929 тилке бар. Жалал-Абад облусунда - 459, Ошто - 359, Баткенде - 84, Нарында - 21, Ысык-Көлдө - 3, Бишкек шаарында - 1 жана Ош шаарында - 2 кооптуу тилке. Мамлекеттен жардам, жер тилкесин алып, бирок кооптуу аймактардан дале көчпөй жаткан үй-бүлөлөрдүн саны азыркы тапта 1932.
Кооптуу тилкеден көчпөй жаткан жарандарды жоопкерчиликке тартууну караган мыйзам даярдалып жатканы белгилүү болду. Элди көчүрүү үчүн алгач алар көчүп баруучу жерге шарт түзүлдү беле, жол, электр энергиясы өӊдүү маселелер чечилгенби? Бул суроолор, албетте, өкмөткө дагы берилет. Өкмөт менен катар кооптуу аймакта жашап жаткан жарандар дагы өз өмүрү үчүн жоопкерчиликти унутпашы зарыл. Адам өмүрүнөн өткөн баалуулук жок...
Суук аба ырайына байланыштуу мектептер убактылуу 30-январга чейин жабылды. Билим берүү жана илим министрлигинин билдиришинче, 5 күндүк окуу графигинде иштеген мектептерде окуу программалары ишемби күндөрдүн эсебинен, ал эми 6 күндүктөрдө жазгы каникул эсебинен толукталат.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жакынкы күндөрү айрым аймактарда сууктун күчү -30 градуска жетерин эскертүүдө. Жогорку Кеӊештин айрым депутаттары суукка байланыштуу окуучуларды автобус менен мектепке ташууну сунуштап чыгышты. Ал эми президент Сооронбай Жээнбеков өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновду кабыл алып, кар жааса да, жаабаса да тоолуу аймактар, өлкөнүн негизги жолдору көзөмөлдө болушу керек деген тапшыма койду. Ошентип быйылкы кыштын салыштырмалуу жылуу аба ырайына көнө түшкөн жооптуу органдарды катуу суук кыймылга келтирди...