Суукка байланыштуу бала бакчалардын убактылуу жабылышы же жабылбашын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары чечет. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы бүгүн, 25-январда билдирди.
Ал эми Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан SUPER.KG порталына кабарлагандай, баш калаадагы бала бакчаларды жабуу боюнча учурда буйрук чыккан, бирок ага кол коюла элек. Толук маалымат эртеӊ таратылары айтылды.
Бишкек шаарындагы жеке менчик бала бакчалардын биринин жетекчиси Гүлжан Молдогазиева порталга буларды билдирди: "Биздин бала бакча кайрымдуулук негизде ачылгандыктан, ата-энелердин көпчүлүгү базарда, тигүү цехтериндер. Арасында жалгыз бой энелер да көп. Алар бала карап үйдө отуруп калса ким нан таап келет? Ошондуктан иш алып бара беребиз".
Буга чейин мектеп окуучуларынын 26-январдан 30-январга чейин кышкы каникулга таратылганы маалымдалган.
Эске салсак, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 26-29-январда өлкөдө суук күчөп, күндүз Бишкекте абанын температурасы -16 градуска чейин төмөндөй турганын, айрым тоолуу аймактарда -30 градус боло тургандыгын эскерткен.