Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов тургундарды Бишкек Жылуулук электр борборунда жаралган кырдаалга түшүнүү менен мамиле жасоого чакырды. Бул тууралуу ал бүгүн, 27-январда аталган борбордогу кырдаалга карата уюшулган чукул жыйында айтты.
"Учурда абалды жөнгө салуу аракеттери жүрүп жатат. Шаар тургундарынан электр тогу керектелүүчү үтүк, кир жуучу машина, жалпы эле электр тогу менен иштеген үй буюмдарын иштетпей турууну өтүнөм. Учурда бул маселе боюнча атайын түзүлгөн комиссия иштеп жатат. Буюрса, 6-7 сааттан кийин жылуулук маселеси өз ордуна келет", - дейт мэр.
Ошондой эле аталган жыйынга катышкан "Түндүкэлектр" ишканасынын жетекчиси Искендер Кадыркулов да электр энергиясын үнөмдөп колдонууга чакырды.
"Бүгүн эртең менен электр энергиясы тургундар тарабынан толук, 100 пайыз иштетилди. Бактыга жараша, авариялык абалдар жаралбай, ийгиликтүү өтүп кеттик. Азыр да ЖЭБдеги абал калыбына келгенче, электр тогу менен иштеген үй буюмдарын азыраак колдонуп турууну тургундардан суранат элек", - деп кошумчалады ал.
Белгилей кетсек, Бишкек шаарында Жылуулук электр борборунун модернизацияланбаган бөлүгүндөгү от казандарда маселе жаралып, суунун температурасы 84 градустан 62 градуска чейин төмөндөгөндүгүнө байланыштуу, борбордогу үйлөргө жылуулук берүүнүн температурасы төмөндөгөн. Учурда Бишкек ЖЭБден 120 миң 947 үй жылуулук менен камсыздалат.
Кыргызгидрометтин билдирүүсүнө таянсак, 26-январдан 27-январга караган түнү аба ырайынын температурасы 26 градус суук болсо, бүгүн, 27-январда 20 градустан 22 градуска чейин суук болушу күтүлөт.