Нурлан Өмүркул уулу: "ЖЭБди модернизациялоого 250 миллион доллар коротулган"

"Бишкек ЖЭБди модернизациялоого 250 миллион доллар коротулган", - деп бүгүн, 15-мартта маалымат жыйында Бишкек ЖЭБдин мурдагы жетекчиси Нурлан Өмүркул уулу билдирди.

"Химиялык цех куруу керек экенин, курулбаса жаңы блок суунун жетишсиздигинен иштей албай турганын айтканбыз. Протоколдорду "Электр станциялары" ишканасынын жетекчисине кат аркылуу жөнөткөнбүз. Алар май айында кабыл алмак, бирок убактысын жылдырып жатышты. ЖЭБди модернизациялоого 250 миллион доллар каражат коротулган. Калган сумманын изин табылбай калып, сатып алынган куралдары жогору баада баалап жатышат", - дейт Өмүркул уулу.

Айта кетсек, Нурлан Өмүркул уулу Бишкек ЖЭБин модернизациялоодо ЖЭБге алынган кычкачтын баасы 600 доллар деп көрсөтүлгөнүн айткан.

Эске салсак, Бишкек ЖЭБиндеги видеобайкоочу камералардын ар бирине 14 миң 500 доллардан жумшалганын Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жамангулов билдирген. Улуттук энергетикалык холдинг ишканасы видеобайкоочу камералардын ар биринин баасы 14 миң 500 долларды түзөт деген маалымат туура эмес экенин кабарлаган. Ишкананын маалыматына караганда, ар бир видеобайкоочу камера 300 доллар турат, 128 камеранын жалпы баасы 38 миң 400 долларды түзөт.

26-январда кечки саат 6лар чамасында Бишкектеги Жылуулук электр борборунун модернизацияланбаган бөлүгүндөгү от казандарда маселе жаралып, суунун температурасы 84 градустан 62 градуска чейин түшүп кеткен. Буга байланыштуу шаардагы үйлөргө берилген жылуулук төмөндөгөн. Орун алган мүчүлүштүктөрдөн улам Бишкектин тургундары 7 күнгө (январь айынан 5 күнгө, ал эми февраль айында 2 күнгө) акча төлөшпөгөнүн "Улуттук энергетикалык холдинг" компаниясынын басма сөз кызматынан кабарлашкан. Ошондой эле Башкы прокуратура ЖЭБдеги авария боюнча "шалаакылык" беренеси боюнча кылмыш ишин козгоп, ЖЭБдин башчысы Нурлан Өмүркул уулу кызматынан кеткен.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
RusMos76
2018-03-15 11:36:20
Кычкачтын баасы эн жогору деген кундо да 600сом эле болот!
+5
gulmi
2018-03-15 11:36:34
Эмне деген шумдук?Тезинен коррупционерлерди камаш керек!биз эмне малбызбы?мандайыбызда туруп алып миллиондорду жеп жатышат.
+12
Mirlan27011987
2018-03-15 11:58:21
gulmi,
Уурулар олгончо жеп, тойгончо карганат. .
+4
Kojo1995
2018-03-15 13:11:51
Бу кайсы умный? ХХХХ 250 миллион долларга жаңы тец салса болмок ой ХХХХ ХХХХ
+1
AJow
2018-03-15 11:42:11
Убагында эле айтып чыкпайт беле
+7
fantomas
2018-03-15 11:43:37
Кайдагы 250 миллион доллар?!!

Озбекистан Ферганадагы Бишкектеги ТЭЦтен чон, кубаттуу ТЭЦти болгону 83,6 миллион долларга модернизациялап жатат, Япониялык компаниянын жардамы менен....

Ал эми бизде 250, 386 миллион доллардан суйлошот. И то 386 миллион долларга Бишкектеги ТЭЦтин 30%ти гана жаныланган.... Бул эмне деген шумдук?!!.....
+6
Janyjol.86
2018-03-15 11:44:22
Нурлан омуркул уулу ушул создорунузду ЖЕБ ге акча ашыкча жумшалып атканда айтпайт белениз.ошондо ашыкча акча коромжу болуп атканын кыргыз элине шардаана кылганызда келечектеги кареранызга да жакшы болмок.эми айтканыныз жоо отконсон кылычынды бокко чап дегендей эле болуп калды
+7
Jazdyn_tany
2018-03-15 11:52:28
250 млн кеткен күндө дагы, калган 136 млнду жебей калып, жаман болушмак да анда...
+3
jbolotov
2018-03-15 11:57:54
Иштен кеткенден кийин айтканы окунучтуу, убагында айтса болмокда качан "подставная утка" болгондо айтбай. Ото чон акчаны жегендер бош журот, аз жегендери жооп берип атат.
+5
Arlenchik
2018-03-15 12:23:03
Эми айтып чыкканы да кеч эмес, болгон былыктарын айтып берсе коомчулукта чон талкуу болуп анын кесепети мн мумкун тиги жеп жутарлар айласыздан чыныгы куноокорлорду ачыктап жазага тартышар.
+7
Jelezo
2018-03-15 12:26:50
Болору болду эми ачык эле айтып бер эгерде өзүң таза болсоң кимдер жегенин. Президент беш жыл жети ай убактысын туулган күндөрдү кутуктап анан кырсык болгондо көңүл айтуу менен өткөзүп жиберет окшойт
+7
Kemel29101981
2018-03-16 00:48:15
Козун тазалап койбосо эле болду
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан