Бишкектин тургундары ЖЭБдеги авариядан улам жылуулук үчүн 7 күнгө акча төлөшпөйт

Бишкектин тургундары ЖЭБдеги авариядан улам жылуулук үчүн 7 күнгө акча төлөшпөйт. Бул тууралуу SUPER.KG'ге "Улуттук энергетикалык холдинг" компаниясынын басма сөз кызматынан кабарлашты. Чечим Бишкек жылуулук электр борборунун сунушу менен кабыл алынды.

"Буга чейин шаар тургундары жылуулук үчүн январь айынын эсебинен 5 күнгө акча төлөбөй турган болгон. Ага дагы эки күн кошулуп жатат. Тактап айтканда, 1-2-февраль күндөр үчүн да төлөшпөйт. Себеби жылуулук жогоруда айтылган күндөрү шаардын айрым райондоруна толук жеткен эмес", - деп билдиришти "Улуттук энергетикалык холдинг" компаниясынан.

Белгилей кетсек, 26-январда кечки саат 6 чамасында Бишкектеги Жылуулук электр борборунун модернизацияланбаган бөлүгүндөгү от казандарда маселе жаралып, суунун температурасы 84 градустан 62 градуска чейин төмөндөгөн. Буга байланыштуу шаардагы үйлөргө берилген жылуулук төмөндөгөн.

Мындан улам 2 күн аралыгында Бишкекте электр энергиясын пайдалануу 8-10 пайызга жогорулаган. Электр жабдыктарына күч келгендиктен Бишкектеги кичи райондордо жайгашкан айрым көп кабаттуу үйлөр жарыксыз калган. Бишкек ЖЭБден 120 миң 947 үй жылуулук менен камсыздалат.

Башкы прокуратура ЖЭБдеги авария боюнча "шалаакылык" беренеси боюнча кылмыш ишин козгоп, ЖЭБдин башчысы Нурлан Өмүркул уулу кызматынан кеткен.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Azatbek83
2018-02-07 14:42:06
Ошонтип алдап светтин акчасын которуп койушат!Эмнеге жоопко тартылат?Кийин кайра эле жакшы ишке киришет!Баардыгын камаш керек ошончо акча коротуп жеп койушкан учун!
+3
Bolunbo.kyrgyz
2018-02-07 15:35:43
Алдайт мурдакыдай эле келди
+2
jypara1415
2018-02-07 15:42:24
Мурункудай эле келди ! Светке 150-160 келчу мурун , азыр эми 1312 сом ((((
+2
BekAmir
2018-02-07 15:46:31
Ушугон наристелер учун ким жооп берет?.
+2
Uulka9293
2018-02-07 16:31:56
Отопленияга айына канча сомдон келет? Билгендер айтып койгулачы сураныч...
0
Platon96
2018-02-07 18:17:46
Бир жуманын акысын емес, ушул айга еле албаш керек болчу.
+2
jbolotov
2018-02-07 18:47:44
386 млн кайда кеткен деген чыр чыгыш керек болчу.Депутаттык комиссия тузулду дейт, комиссиянын колунан бирнерсе келгенин кордунор беле? Атамбаев баш болгон адамдар турганда коррупция гулдоп момолоп ТЭЦ 30% буткон экенда.
+3
Дарыгер
2018-02-07 21:25:13
Компенсация толоп бербейби. Балдарым ушубосун деп ары бери журушпойт чыгым болушту го карапайым эл
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан