"Бишкек Жылуулук электр борборунда директору болуп турганда айлыгым 35 миң сом болчу", - деп бүгүн,15-мартта маалымат жыйында Бишкек ЖЭБдин мурдагы директору Нурлан Өмүркул уулу билдирди.
"Техникалык директор менден 1 500 сомго аз айлык алат. Калган кызматкерлер разряддарына жараша 20-22 миңден 10-12 миңге чейинки суммадагы айлык акы алып иштешет", - дейт Өмүркул уулу.
Айта кетсек, 26-январда кечки саат 6лар чамасында Бишкектеги Жылуулук электр борборунун модернизацияланбаган бөлүгүндөгү от казандарда маселе жаралып, суунун температурасы 84 градустан 62 градуска чейин түшүп кеткен. Буга байланыштуу шаардагы үйлөргө берилген жылуулук төмөндөгөн. Орун алган мүчүлүштүктөрдөн улам Бишкектин тургундары 7 күнгө (январь айынан 5 күнгө, ал эми февраль айында 2 күнгө) акча төлөшпөгөнүн "Улуттук энергетикалык холдинг" компаниясынын басма сөз кызматынан кабарлашкан. Ошондой эле Башкы прокуратура ЖЭБдеги авария боюнча "шалаакылык" беренеси боюнча кылмыш ишин козгоп, ЖЭБдин башчысы Нурлан Өмүркул уулу кызматынан кеткен.