Борбордо жылуулук системи калыбына келтирилди

Бишкекте жылуулук системи калыбына келтирилди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы социалдык тармактагы баракчасы аркылуу коомчулукка жарыялады.

Маалым болгондой, өкмөт башчы Сапар Исаков менен ЖЭБдеги кырдаал боюнча түзүлгөн ыкчам штабды жетектеген Аскарбек Шадиевге жылуулук системи калыбына келе баштаганы боюнча маалымат жеткен.

"Жылуулук берүү системи калыбына келип, шаардагы үйлөрдүн баарына жылуулук бериле баштады", - деп жазылат маалыматта. Ошондой эле SUPER.KG порталынын "Элдик кабар" рубрикасына окурмандар тарабынан үйлөрүнө жылуулук бериле баштагандыгы боюнча маалыматтар келип түшкөн.

Белгилей кетсек, кечээ, 26-январда Бишкек шаарында Жылуулук электр борборунун модернизацияланбаган бөлүгүндөгү от казандарда маселе жаралып, суунун температурасы 84 градустан 62 градуска чейин төмөндөгөндүгүнө байланыштуу, борбордогу үйлөргө да жылуулук берүүнүн температурасы төмөндөгөн. ЖЭБдин жетекчиси Нурлан Өмүркул уулу жылуулук берүү системи качан калыбына келе турганы азырынча белгисиз экенин айткан.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
altyw95jan
2018-01-27 23:56:48
Канча жүз миллион доллар кетти канчасын жединер ачыгын айткылачы
+6
KUBI
2018-01-28 00:05:57
Ой 300 мин сомдон жешти да. Анан байкуштар эмне кылсын.
+3
barakcha
2018-01-28 00:10:10
Бериле элек!!!
+4
friendwipkg
2018-01-28 00:52:42
Ушинтип Кыргызстанды жок кыласыңар.
+2
Atas
2018-01-28 00:59:02
Кыргыз мамлекетинде толгон токой маселелер коп , ушу эн негизги маселелерди да он чече алышпаптыр ,орус ысык колду бер десе кытайы нарынды бер чыпаса экен ( озунордун кочугунорду ойлоп журо бергиле , кочмондор дейт ошондой иш чаралага канчалаган млндор кетип атат андан коро ооруканаларга кучтуу техникаларды алып келбейби анжелина жоли келет ж/а башка келет аларга мынча млн кетти деп тигинисине мынча кетти деп журо бергиле силер бул кетиште Кыргызстанды чекесинен сатып жок кыласынар
+2
Ayida
2018-01-28 01:10:39
Дагы деле жок уйлор суук отопление муздак
+2
Milashkaa
2018-01-28 01:28:32
Келген жок атасынын так гана башы
+7
Jojom2015
2018-01-28 02:09:21
Келген жок
+2
bokonbaev
2018-01-28 02:32:25
Кана мен чыгыш 5те жашайм саат 2.33 жылуулук жок
+3
ice87
2018-01-28 07:32:35
Келген жок.
+1
Ayida
2018-01-28 07:34:37
Саат 7"30дагы деле жок уяты жоктор алдашат элди андан коро ондоп атышат секииин дебейби
+3
Bolunbo.kyrgyz
2018-01-28 08:26:13
Негизи кантип уурдайсынар ошол уурдап жеген байлыгынар озунорго буйруп насип кылдыбы же бир жакшы ишке жумшай алдынарбы. Тилекке ото каршы адал болбойт арам оокат менен багып остургон келечек бала чакабыз бир жакшы адам болуп жарыбайт. Кудайым озу кечирсин макул жегиле жей бергиле бирок озунорду эле ойлобой озголорду да ойлогула. Бул бир эле мисал келтирдим арам оокат жегендерге
+1
savaa
2018-01-28 08:45:20
ЖЭБти ушундай акыбалга келтиргендер жазалансын! ЖАЗАЛАНСЫН!!!
+3
Shapak1979
2018-01-28 09:28:35
Китайский деген чын эле китайский экен да бир жыл да чыдаган жок. 386 миллион деген не деген акча. Жооп бергиле жепжуткучтар
+3
barakcha
2018-01-28 10:33:10
Талап кылабыз!Отставкага кетем деп оной кутулуунун жолун издеген акмак оз башы менен жооп берсин!Мындай кыйын убакта кыргызымды кыйнаган акмак жазасын алсын!Камалсын жок дегенде 10жылга.Антпесе кыргызстанда тартип орнобойт!Башкаларга да сабак болсун!
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан