Бишкек ЖЭБди 4 жыл башкарган Андрей Воропаев кайра жетекчи болуп келди

Бишкек ЖЭБдин жетекчиси болуп Андрей Воропаев дайындалды. Бул тууралуу "Электр станциялары" ишканасынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Андрей Воропаев кызматка 2-февралда дайындалган. Ал буга чейин ЖЭБде башкы инженердин орун басары болуп иштеп келген.

Айта кетсек, Воропаев 2013-2017-жылдары Бишкек ЖЭБди жетектеген.

Белгилей кетсек, 26-январда кечки саат 6 чамасында Бишкектеги Жылуулук электр борборунун модернизацияланбаган бөлүгүндөгү от казандарда маселе жаралып, суунун температурасы 84 градустан 62 градуска чейин төмөндөгөн. Буга байланыштуу шаардагы үйлөргө берилген жылуулук төмөндөгөн.

Башкы прокуратура ЖЭБдеги авария боюнча "шалаакылык" беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон. Ошондой эле Нурлан Өмүркул уулу Бишкек жылуулук электр борборунун башчысы кызматынан бошотулган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (18)
tram-lam
2018-02-03 16:00:14
Башкаруу колдорунан келбей кайра эскини чакыртышкан го...
+8
suban78
2018-02-03 16:03:12
Аксыда эки орусту билем адамдар азырга чейин айтышып журушот. Линский деген райком (аким) болгон. Кандай жакшы иштерди кылган. Экинчиси Мешков деген, Кызыл Жар совхозун которгон. Аларда ыйман бар. Жаштар келсин деп озубуздун эле адамдарыбыз ордун ээлеп кыйратышкан эмес. Россияда да коруп эле журом, чынчыл, ишкер болушат.
+7
Azatbek83
2018-02-03 19:23:12
suban78,Бул кишини билбедимго.Беш кол тен эмес Борис.Силаев.Игорь.Чудиновдор да пример министр болуп жыргатышпаган! Ирина.Карамушкинада жыргатпайт.Наталья Никитенко жакшы депутат. Андрей Воропаев жакшылап иштесин эми!
+3
zheko
2018-02-03 16:31:55
Кыргыз кыйратып , кайра орусту ордуна коюштубу ?
+1
langar
2018-02-03 16:52:25
Ушу оруста иш бар
+7
jbolotov
2018-02-03 17:14:19
386 млн кайда кеткен эгерде ТЭЦте эн башкысы буу казандар модернизация болбосо? Жаны бир коробкада куруп акчаны ушуларга шылтоолоп коюшканбы? ТВЕАдан болок бир компания 370млн го толук куруп берем деген экен. Эмне учун ТВЕА 30 % эле модернизация кылган?
+5
jbolotov
2018-02-03 17:30:46
Мурунку заманда ал жерде иштегендер дээрлик орус улутундагылар болгон экен, кыргыздар иштей албай дегендей. Эми минтип уят болуп отурабыз Кытай Орус келбесе биздин колдон келбейт деп.
+7
Aitunuk
2018-02-03 19:17:05
Ал орус, КРнын жараны, ТЭЦте 26 жыл иштеген, билимдүү, ишти билген инженер. "Чымчык сойсо да, касапчы сойсун" дегендей кеп да. Бирок Нурлан Өмүркул уулу да 1992-жылдан баштап машинист болуп иштеп баштап директорлукка жеткен экен. Демек, жоопкерчиликсиз мамиледен келип чыккан кырсык болду десек болот.

+6
Nanei
2018-02-03 19:55:35
Орус деп чычалабагыла, кыргыздар кыйраттывы кана???
+4
Azura
2018-02-03 21:55:13
Nanei,Өмүркул уулу Нурлан жакында эле дайындалган, ага чейин ушул Воропаев иштеп келген...
+3
suban78
2018-02-03 20:02:02
Мен чынында орустарга кобурок ишенем, жаман ойлобогула. Россияда канча жылдан бери журом, уйго кайтканда калган акчаларымы орус досторума "ишеним кат" жазып келем, артыман бир тыйынын калтырбай салышат.ишенбесенер керек которгондо толоно турган акчаны бир эки жолу озулору толоп коюшкан.
+8
makelen
2018-02-03 21:14:15
Мышык кандай тусто болбосун чычкан кармаса болду да башкысы иштесин.Азыркы жаш манкасы аккан башкы инженерден ОМдун законун сурасан билбейт да
+5
aydinnur
2018-02-03 21:43:13
Негизи техникалык жактарда орустардан өтөөрү жок,ТЭЦ -2 де да орус калганы үчүн азыркыга чейин сакталып калыптыр болгон тетиктери...
+2
Azura
2018-02-03 21:53:49
aydinnur,билбей туруп бир нерсе деп койдуңуз. ТЭЦ2 ТЭЦке карайт. ТЭЦтин директоруна баш ийет. Ал жакта куралчан кароолчудан башка эч нерче жок.
+1
aydinnur
2018-02-10 16:56:32
Azura, билип туруп жаздым карындашым,башкы инженери, техникалык директору орус деп жаздым, азыр да иштөөгө даяр турат ТЕЦ-2... Орустун ак ниет менен иштеген ишинин натыйжасы
.
0
jbolotov
2018-02-03 22:00:31
ТЭЦти Кытайлар башкарып атат деп бир депутат айтып чыктыго? Мына мекендештер, ушинтип билинбей мекенибизди Кытай Россия акырындап алып атат. Эгерде 4,5 млрд доллар карызды кутулбасак эртен чет элдиктер ГЭСти же Нарынды алабыз десе эмне кылып алабыз? Башкаруучулар ойлонбогон келесоолор болуп атышат.
+1
zheko
2018-02-04 09:46:21
jbolotov, Путин айтып эле жүрөт го баарын бириктирип кайрадан бир өлкө , Россия кылабыз деп .
+1
sagyn932
2018-02-03 23:53:14
Super.kg Андрей Воропаев жөнүндө толук маалымат бергилечи, билими тажрыйбасы тууралуу.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан