Кечээ, 27-январда Кыргыз-Өзбек чек арасында Кыргыз жаранына ок тийген. Бул тууралуу SUPER.KG порталына өздүк булактар маалымдашты.
Белгилүү болгондой, окуя кечээ, 27-январда болжол менен кечки саат 6-7лерде катталган. Анда 38 жаштагы жаран Суусар-Сай аймагында мал кайтарып жүрүп, Өзбекстандын аймагына өтүп кеткен. Чек ара кызматкерлери ага токтоп турууну буюрганына карабастан, качып жөнөгөндүктөн атып токтотууга туура келген. Ок жарандын бутуна тийип, Наманган облусундагы ооруканага жеткирилген.
Маалым болгондой, Кыргыз жараны абалы турукташкан соң гана Кыргыз өлкөсүнө өткөрүлүп берилет.