Суукка байланыштуу Бишкектеги бала бакчалар убактылуу иштебейт

Суукка байланыштуу Бишкектеги бала бакчалар убактылуу иштебейт. Бул тууралуу кечээ, 28-январда Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалымат боюнча, шаардык билим берүү департаментинин чечимине ылайык, мамлекеттик бала бакчалар 29-30-январь күндөрү иштебейт. Ал эми жеке менчик бала бакчалар тууралуу маалыматта жазылган эмес.

Эске салсак, буга чейин мектеп окуучулары кыска каникулга таратылган. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 26-29-январда өлкөдө суук күчөп, күндүз Бишкекте абанын температурасы -16 градуска чейин төмөндөй турганын, айрым тоолуу аймактарда -30 градус боло тургандыгын эскерткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
ziash85
2018-01-29 10:16:57
Окуучуларга дагы узартпасаңао болбойт окшойт өлкө боюнча
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан