Бүгүн, 30-январда таңкы саат 4:40та Бишкек ЖЭБдеги №3-блок ишке кирди. "Улуттук энергетикалык холдинг" компаниясынын маалымат кызматынан кабарлашкандай, жаңы блок 150 МВт энергияны иштеп чыгат жана 88 градуска чейин жылуулук берет. Учурда системден чыккан суунун жылуулугу 66-67 градусту түзөт.
"29-январда сууну толтуруу иши башталып, учурда температура 10 градуска көтөрүлдү. Тийиштүү температура үчүн суу системде дагы 3-4 саат айланып туруусу шарт. Буга чейин жаңы блокту ишке киргизүү суунун жетишсиздигинен улам мүмкүн болбой турган. Керек болсо тартыштык эски блоктордо байкалган. Үйлөрдөгү жылуулук кечки убакытка чейин турукташат", - деп билдиришти мекемеден.
Ал эми эски от казандарды оңдоо иштери дале улантылып жатканы белгилүү болду.
Эскерте кетсек, 26-январда кечки саат 6 чамасында Бишкектеги Жылуулук электр борборунун модернизацияланбаган бөлүгүндөгү от казандарда маселе жаралып, суунун температурасы 84 градустан 62 градуска чейин төмөндөгөн. Буга байланыштуу шаардагы үйлөргө берилген жылытуу төмөндөгөн.
Мындан улам 2 күн аралыгында Бишкекте электр энергиясын пайдалануу 8-10 пайызга жогорулаган. Электр жабдыктарына күч келгендиктен Бишкектеги кичи райондордо жайгашкан айрым көп кабаттуу үйлөр жарыксыз калган. Бишкек ЖЭБден 120 миң 947 үй жылуулук менен камсыздалат.
Бүгүн Башкы прокуратура ЖЭБдеги авария боюнча кылмыш ишин козгоду.