Бишкектеги жылуулук электр борборунда химиялык суу тазалоочу цехти куруу иши убактылуу токтотулду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Улуттук энергетикалык холдингден билдиришти.
Маалыматка ылайык, кытайлык ТВЕА компаниясында жаңы химиялык цехтин долбоору бар, учурда ал текшерүүдөн өтүүдө. Жаңы цехти курууга 5 миллион 842 миң доллар жумшалмакчы. Бул каражат 386 миллион доллар насыяга кирет.
"Цех үчүн керектүү жабдуулардын жана материалдардын 90 пайызы алып келинди, азыр бажы документтерин каттоо иши жүрүүдө", - дешти мекемеден.
Эскерте кетсек, 26-январда Бишкектеги Жылуулук электр борборунун модернизацияланбаган бөлүгүндөгү от казандарда маселе жаралып, суунун температурасы 84 градустан 62 градуска чейин төмөндөгөн. Буга байланыштуу шаардагы үйлөргө берилген жылытуу төмөндөгөн. Мындан улам 2 күн аралыгында Бишкекте электр энергиясын пайдалануу 8-10 пайызга жогорулаган. Электр жабдыктарына күч келгендиктен Бишкектеги кичи райондордо жайгашкан айрым көп кабаттуу үйлөр жарыксыз калган. Бишкек ЖЭБден 120 миң 947 үй жылуулук менен камсыздалат.
Бишкек шаарынын ЖЭБин модернизациялоо долбоорунун алкагында мурунку жабдуулар алынып, жаңы жабдуулар курулган. Буга жалпы эсепте 386 миллион доллар сарпталгандыгы маалымдалган.