Бүгүн түштөн кийин депутаттар Бишкек жылуулук электр борборуна барып, абалды жеринде талкуулашат

Бүгүн, 30-январда түштөн кийин Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин көчмө жыйналышы Бишкек жылуулук электр борборунда өтөт. Депутаттар ЖЭБдеги абалды жеринде талкуулашат. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, күн тартибинде ЖЭБде болгон авария, аны калыбына келтирүү иш-чаралары каралмакчы. Бул демилгени парламенттин тармактык комитети көтөргөн. Депутаттарга биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев баяндама жасай турганы айтылат.

Эскерте кетсек, 26-январда кечки саат 6 чамасында Бишкектеги Жылуулук электр борборунун модернизацияланбаган бөлүгүндөгү от казандарда маселе жаралып, суунун температурасы 84 градустан 62 градуска чейин төмөндөгөн. Буга байланыштуу шаардагы үйлөргө берилген жылытуу төмөндөгөн. Мындан улам 2 күн аралыгында Бишкекте электр энергиясын пайдалануу 8-10 пайызга жогорулаган. Электр жабдыктарына күч келгендиктен Бишкектеги кичи райондордо жайгашкан айрым көп кабаттуу үйлөр жарыксыз калган. Бишкек ЖЭБден 120 миң 947 үй жылуулук менен камсыздалат.

Айта кетсек, Бишкек шаарынын ЖЭБин модернизациялоо долбоорунун алкагында мурунку жабдуулар алынып, жаңы жабдуулар курулган. Буга жалпы эсепте 386 миллион доллар сарпталгандыгы маалымдалган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан