Кышкы Олимпиада оюндарына Кыргыз Республикасынан 6 өкүл барат жана бул сан жалпы эсепте да көрсөтүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 30-январда маалымат жыйында Кыргыз Республикасынын Улуттук олимпиада комитетинин башкы катчысы Саламат Эргешов билдирди.
"Кыргыз өлкөсү 2 спортчу менен көрсөтүлөт, алар Евгений Тимофеев жана Тариэл Жаркымбаев. Евгений Тимофеев эл аралык тандап алуу этабынан өтүп, гигант слалом жана слалом түрлөрүндө күч сынашууга жолдомо жеңип алган. Гигант слалом боюнча мелдеш 18-февралда өтсө, слалом боюнча мелдеш 22-февралда өтөт. Ал эми Тариэл Жаркымбаев лыжа менен жарышуу боюнча тандоо турунан өтүп, классикалык кыска аралыктагы жарыш боюнча мелдешке катышат. Спортчулардан сырткары 2 машыктыруучу жана Кыргыз Республикасынын Улуттук олимпиада комитетинин 2 өкүлү барат", - дейт Саламат Эргешов.
Кыргыз Республикасынын өкүлдөр тобу:
Евгений Тимофеев - спортчу;
Игорь Борисов - машыктыруучу;
Тариэл Жаркымбаев - спортчу;
Александр Левданский - машыктыруучу;
Алия Калыбекова - Улуттук олимпиада комитетинин кызматкери;
Адилет Баяман уулу - Улуттук олимпиада комитетинин кызматкери;
Белгилей кетсек, Кышкы Олимпиада оюндары Кореянын Пйоңчаң шаарында 9-25-февраль аралыгында орун алат.