Феликс Кулов: "ТВЕА'нын" жылуулук электр борборун жаңылоо боюнча тажрыйбасы жок болчу"

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Феликс Кулов "ТВЕА" кытайлык компаниясы менен Бишкек жылуулук электр борборун жаңылоо келишими түзүлүп жатканда каршы болгонун айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 30-январда SUPER.KG порталына билдирди.

"Сибэнергомаш" заводу аталган кытайлык компания боюнча өзүнүн техникалык мүнөздөмөсүн жөнөткөн. Андан соң мен "ТВЕА" заманбап техникалык талаптарга, экологиялык коопсуздук боюнча талаптарга жооп бербегенин билдирип, ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевге кат жолдогом. Анда "Сибэнергомаш" заводу кытайлык компания менен келишим түзүп жатканыбыз боюнча олуттуу эскертүү жасады деп жазгам. Мындан улам "ТВЕА" Жогорку Кеңештин депутаттарын компания менен жеринен таанышуу үчүн Кытайга чакырган. Депутаттар Кытайга бара турганын билген эмесмин. Келгенден кийин уктум. Алар келгенден кийин "ТВЕА" чоң ишкана деп мактап башташкан. Ошондо мен аталган компания чоң болсо дагы жылуулук электр борборун жаңылоо боюнча тажрыйбасы жоктугун айткам. ЖЭБди жаңылоо "ТВЕА'нын" тармагы эместигин билдиргем. Бирок акыр аягы бул келишим жактырылган", - деди Кулов.

Белгилей кетсек, 386 миллион доллар кантип жумшалары Эсептөө палатасы 2015-жылы ЖЭБ карамагына кирген “Улуттук электр станциялары” ишканасына карата жүргүзгөн аудиттин жыйынтыгында айтылат. Анда жабдуулар үчүн 164 миллион 600 доллар, курулуш иштерине 66 миллион 700 миӊ доллар, монтаж иштерине 64 миллион 200 миӊ доллар жумшалары көрсөтүлгөн. Ал эми кызматкерлерди жана техникаларды жеткирүүгө 12 миллион 400 миӊ доллар коротулары көрсөтүлүп, бирок бул акчага конкреттүү эмне иштерге жасалары айтылган эмес. Бишкек ЖЭБин оӊдоого 4 жыл жумшалып, 2017-жылы августта жаӊыланган ишкананын расмий ачылышы болгон.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан