Бүгүн, 20-февралда Жогорку Кеңеште ЖЭБдеги кырдаал боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын жыйыны өтүп жатат.
Анда “Республика-Ата Журт” фракциясынан депутат Акылбек Жамангулов “ТВЕА” компаниясы менен Бишкек ЖЭБди жаңылоо боюнча сүйлөшүү жүрүп жатканда кайсы чиновниктер Кытайга барганын сурады.
“Маалымат каражаттарында “ТВЕА” кытайлык компаниясы менен Бишкек ЖЭБди жаңылоо боюнча сүйлөшүү жүрүп жатканда Жогорку Кеңештин депутаттары, министрлер, алардын орун басарлары Кытайга иш сапары менен барышкан экен. Болгондо да аталган компаниянын чакыруусу менен барышкан. Кайсы мамлекеттик жетекчилер, депутаттар, министрлер ал жакка барышкан? Эмне үчүн, кандай максат менен барган?” – деп сурады депутат.
"Электр станциялар" ишканасынын директору Узак Кыдырбаев бул боюнча маалыматы жок экенин айтты. “Алардын Кытайга болгон сапары келишим түзүлгөнгө чейин болгон. Биз келишимдин аткаруучусубуз”, - деди Кыдырбаев.
Каржы министринин орун басары Мирлан Байгончоков билдиргендей, өкмөттүн буйругу менен 2013-жылы мекемелер аралык комиссия түзүлгөн. “ТВЕА” компаниясы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү боюнча мекемелер аралык комиссия түзүлгөн. Ал комиссиянын курамына энергетика жана өнөр жай министри, ошондой эле каржы министринин, экономика министринин орун басарлары, “Электр станциялар” ААКсынын, Бишкек ЖЭБинин директору кирген. Мындан тышкары Жогорку Кеңештин депутаттары дагы комиссиянын курамына кирген”, - деп жооп берди.
Акылбек Жамангулов комиссиянын кийинки жыйынында Кытайга кимдер, кандай максатта барганы боюнча маселени кароону сунуштады.
Эске салсак, 26-январда Бишкек ЖЭБинде авария болуп, шаардагы үйлөргө берилген жылуулук 7 күнгө төмөндөгөн. 386 миллион долларлык ЖЭБдин курулушу, ЖЭБдеги авария, өкмөттүн күз-кыш мезгилине даярдыгын иликтеп чыгуу боюнча парламентте депутаттык комиссия түзүлгөн.
Депутаттык комиссиянын курамына төмөнкүлөр кирет:
"Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан - Исхак Масалиев;
КСДП фракциясынан - Төрөбай Зулпукаров, Данияр Аттокуров, Аида Касымалиева, Улан Примов, Аалы Карашев;
"Бир Бол" фракциясынан - Мыктыбек Абдылдаев;
"Ата Мекен" фракциясынан - Сайдулла Нышанов;
"Республика-Ата Журт" фракциясынан - Айбек Алтынбеков, Акылбек Жамангулов, Умбеталы Кыдыралиев;
"Кыргызстан" фракциясынан - Исланбек Сарсейитов, Алмазбек Токторов.