Депутат Каныбек Иманалиев Жогорку Кеңештин 5-чакырылышында эл аралык маселелер боюнча комитеттин төрагасы болгон учурда эмнеге ЖЭБ боюнча документке кол койгонун түшүндүрдү.
Иманалиев документке кол коюуга жетиштүү себептер болгонун билдирди. "Менин бул документке кол коюшума 3 негиз бар. Биринчиси, мен 3 фракция 5 комитет кол койгондугу үчүн колдогом. Экинчиси, бизге "10-сентябрда Кытай лидери Си Цзиньпин расмий иш сапары менен өлкөгө келе жатат" дегенинен 9-сентябрда кол койгонбуз. Үчүнчүсү, ратификация - бул базалык келишим. Биз бюджетти кабыл алабыз. Бюджеттин айрым багыттарынан кимдир-бирөө акча жесе, буга Жогорку Кеңеш жооп бербейт", - деди Иманалиев.
Бүгүн, 16-майда Жогорку Кеңештин ЖЭБ боюнча болуп жаткан жыйынын төмөнкү шилтемеден түз эфирде көрүп, окуп турсаңыздар болот.