Депутат Жолдошбаев "Ош базарынан" чыккан өрт боюнча маалымат угууну сунуштады

Жогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Жолдошбаев "Ош базарынан" чыккан өрт боюнча маалымат угууну сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 31-январда парламент жыйынында билдирди.

"Кечээ "Ош базарынан" өрт чыкты. Өрттү 5 саатка чейин өчүрө албай турушту. Ички иштер министрлигинин, өрт өчүрүү кызматынын, Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын жетекчилерин чакырып маалымат уксак", - деп сунуштады.

Айта кетсек, өрт кырсыгы тууралуу маалымат кечээ, 30-январда эртең менен саат 9:48 чамасында келип түшкөн. Өрт болгон жерде жалпы 12 өрт өчүрүүчү машина иштеген.

Тилсиз жоо саат 12:28де чектөөгө алынган. Өрттөн улам болжол менен 3 500 чарчы метр жер күйүп кеткен. Азырынча кырсыктын келип чыгуу себептери белгисиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
qwert
2018-01-31 10:10:44
Бул XXXX Жолдошбаевтин кечетен бери XXXX тушуп олтурат да Беш-сарымды каптабаса болду деп башка депутаттар элди ойлоп жатса бул XXXX Беш-сарысын ойлоп журот кечетен бери.
+2
azamat85
2018-01-31 10:53:44
маалыматты сен элден жакшы билесинго ХХХХ...
0
daiyrbek01
2018-01-31 11:20:05
Ички иштер министирлиги ортту очурбойт урматту депутат ошону билип алыныз
+1
arlekino
2018-01-31 11:44:37
Эх жалган дуйно. Акча мансап бийлик деп журуп качан тойоорду билбейбиз го. Карапайым калкка эле жаман
+1
SHERBOLAT
2018-01-31 12:29:22
Ортонгон базар дагым туугандарыныкы Деп уккам
+1
trabzon11
2018-01-31 12:56:48
Жакшылап окуп анан жаз тууган,ички Иштер менен Орт кызматы оз озунчо жазылган,
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан