Сапар Исаков бүгүн түштөн кийин саат 4кө чейин Бишкекте жылуулук толугу менен калыбына келтириле турганын айтты

Өкмөт башчы Сапар Исаков бүгүн, 30-январда "Ачык өкмөт" конференциясында сүйлөп жатып саат 16:00гө чейин Бишкекте жылуулук толугу менен калыбына келтириле турганын айтты.

Өкмөт башчы Бишкек ЖЭБдеги жаралган кырдаал өкмөткө сабак болгонун белгиледи. Анын айтымында, Башкы прокуратура кырдаалдын эмнеден улам келип чыкканын териштирип чыгып, тийиштүү чара көрөт.

"ЖЭБдеги жаралган кырдаал өкмөткө чоң сабак болду. Бул акыркы үч күндөгү абал боюнча шаар тургундарынан дагы бир ирет кечирим сурайбыз. Бүгүн саат 16:00гө чейин жылуулук толугу менен берилип, абал калыбына келтирилет. Ал эми ЖЭБдеги авариянын эмнеден улам келип чыкканын териштирип чыгуу үчүн Башкы прокуратура тарабынан иштер аткарылып жатат. Анын жыйынтыгына жараша чара көрүлөт. Эми мындай иштер кайталанбашы керек", - деди Исаков.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
adii
2018-01-30 10:41:28
Сапар Исаков жакшы иштеп жатат, бирок семирип кеткен мер, министрлерди алмаштырыш керек, алар жегенден башканы билбейт.
+8
Bolunbo.kyrgyz
2018-01-30 12:52:52
Сапар агабыз жакшы эле иштеп жатат бирок жумшактык кылгансып жатат
0
barakcha
2018-01-30 13:47:48
Сапар Исаковду Кудайым сукк коздон,жаман создон озун сактай кор!Сапарга ишенебиз!
0
Azatbek83
2018-01-30 14:50:38
Озунор мактап эртен жамандайсынар!Мен айтсам бул болбойт кетсин!
-4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан