Бүгүн Бишкек шаардык соту Алмамбет Шыкмаматовдун ишин кароону улантат

Бүгүн, 5-февралда Бишкек шаардык соту Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматовдун ишин карайт. Соттук отурум 30-январда өтмөк, бирок депутаттын жактоочусу ооруп калганына байланыштуу 5-февралга жылдырылган.

Белгилей кетсек, депутат Шыкмаматов Биринчи Май райондук сотунун чыгарган чечимине каршы экенин билдирип, шаардык сотко өткөн жылдын 28-декабрында арыз берген. Башкы прокуратура да ага коюлган айыптын көлөмү аз экендигин билдирип шаардык сотко кайрылган.

19-декабрда Биринчи Май райондук соту тарабынан депутат Алмамбет Шыкмаматовго, Эсептөө палатасынын мурдагы аудитору Жусуп Иманалиевге жана Германиянын Кыргыз мамлекетинде жашаган жараны Али Юкселге өкүм чыгарылган.

Соттун чечимине ылайык, Шыкмаматов 5 миллион сом айыпка жыгылган. Иманалиев 10 жыл 6 айга күчөтүлгөн тартипте эркинен ажыратылып, мүлкү конфискацияланып, эркиндикке чыккандан кийин 3 жыл мамлекеттик жана муниципалдык кызматта иштебейт. Ал эми алар менен бирге айыпталып жаткан Юксел жазадан бошотулган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан