Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районуна караштуу үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун кызматкерлерине "он үчүнчү айлык" деген берилбей калды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына окурман билдирди.
"Ала-Бука аймактык ооруканасы алыптыр же бул акча бирине берилип, бирине берилбейби?" - дейт окурман.
Айта кетсек, "он үчүнчү айлык" - бул ишкананын жыл жыйынтыгы боюнча кирешесинин суммасынын кызматкерлерге жыл сайын берилүүчү кошумча төлөм. Ал жаңы жылдык майрам алдында берилип турат.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.