"Абакта ачкачылык кармап жаткан Бектур Асановдун абалы канааттандырарлык. Ал соттук отурумга өзү баргысы келген эмес болушу керек", - деп бүгүн, 6-февралда SUPER.KG порталына Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Буга чейин "Саясий туткундарды коргоо" комитетинин мүчөсү Зульфия Марат Бектур Асановду соттук отурумга алып келишпегенин айтып, анын абалы оор экенин билдирген.
Эскерте кетсек, 30-январда Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров жана Эрнест Карыбековдун кургак ачкачылык жарыялашкан. Мындан улам алар УКМКнын тергөө абагынан №47-колонияга которулган.
Сотто Бектур Асановдун мындан кийин соттук отурумга келбей турганы боюнча айткан аудио интернетке тараган. Анда Асанов Кыргыз мамлекетиндеги сот системине ишенбей турганын билдирген. Ошону менен катар эле алар ачкачылыкты аягына чейин кармай тургандарын айткан.
"Бул жакка келип сотко катышкандын эч кандай жыйынтыгы жок. Мен экинчи сотко келбейм. Сотко ишенбейм, каалагандай соттой бергиле. Акыр аягына чейин ачкачылыкты кармайбыз", - деп айтылат аудиодо.
2016-жылы март айында оппозиция өкүлдөрү Эрнест Карыбеков, Бектур Асанов жана Кубанычбек Кадыров "бийликти басып алууну пландашкан" деген негизде кармалышкан.