Бакай Банктан тез аванс алыңыз!

Бакай Банктын "Тез аванс" овердрафт кызматы менен картаңызда акча каражат жок болгон учурда төлөм жасоого болот.

Овердрафт - бул банк кардарларга сунуштаган кызмат, ал азырынча белгилүү жана түшүнүктүү эмес. Кардардын картасындагы эсепте каражат калбай калганда, банк ага овердрафт боюнча кошумча акча каражат берет.

Бакай Банк айлык акы картасы бар кардарлар үчүн ыңгайлуу "Тез аванс" овердрафты менен пайдаланууну сунуштайт. Банк чыгарган айлык акы карталарынын ээлери бул кызмат менен айлык акынын суммасынын 80 пайызына чейинки көлөмдө пайдалана алат.

Иш жүзүндө овердрафт – бул банк кардарынын эсебиндеги суммадан ашыгыраак төлөм жүргүзүүгө мүмкүндүк берүү дегенди түшүндүрөт. "Тез аванс" овердрафты пландалбаган учурларда акча резерви болушу менен ыңгайлуу. Айлыктын картага түшүүсү кармалып жаткан учурда бул кызмат менен карызга алынган каражатты банкка кайрылбай, достордон же туугандардан сурабай пайдаланса болот. Ал үчүн документтерди топтоп, каражат кандай максатка жумшалары туурасында отчёт жазуунун кажети жок. Баары автоматтык түрдө болот. Кардар акчаны каалаган убакта, керек болсо түнкү саат 03:00дө гипермаркетте төлөш үчүн колдоно алат. Карызга алынган акча биринчи айлыгынан кайтарып алынат. Ошол эле учурда акчаны кайтаруу үчүн банкка баруунун кажети жок: картага акча түшөрү менен пайыздар автоматтык түрдө алынат, ал эми карыздын көлөмү өзүңүздүн каалооңуз боюнча арыз бергенден кийин кечилет.

Мисалы, эгер банктын бекитилген пайыздары боюнча 10 миң сом "Тез аванс" овердрафт алса, андан 10 күндөн кийин картадагы эсепке акча түшсө, пайыздын эсебине 77 эле сом төлөө керек болот.

Акча каражаттар кыска убакытка берилет, ошондуктан пайыздардын өлчөмү чоң болбойт. Мындан улам көптөгөн кардарлар овердрафт кызматын пайдаланууга өтүшөт.

Кененирээк маалымат алыш үчүн консультанттар менен контакт-борборунун телефон номуру аркылуу байланышыңыз: (0312) 61-00-61 же банктын кеңселеринен маалыматты алыңыз.

***

“БАКАЙ БАНК” 19 жылдан ашуун Кыргызстандын жарандарына кенен каржылык кызматтарды көрсөтүп келет. Бүгүнкү күндө өлкөнүн бардык аймактарында банктын 70тен ашуун филиалдары жана аманат кассалары тез жана ыңгайлуу тейлөө көрсөтөт.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
kairhai
2018-02-06 13:55:34
Овердрафт албай эле койгула! Биринчи алганда гана пайдалуу, андан кийин айлыктан кармайт. Айлыктан кармагандан кийин кайра овердрафт аласын. Ошентип айдан айга % процентин төлөп журө бересиң.
+1
modem4999
2018-02-06 14:53:46
Акча салсан канча пайыз кошулат ушуну билип бергилечи?
0
nazira1989
2018-02-06 17:15:58
Кредитке буюм алсак кайсы документтер керек,жана уйдон чыкпай эле келишим тузуп ала берсек болобу,жана кайсыл банк пайызы арзан кредит мн алып берет,ушул боюнча маалымат берип койгулачы СУПЕР?Алдын ала рахмат.
0
admin_superstan
2018-02-06 17:33:18
nazira1989, кененирээк маалымат алыш үчүн консультанттар менен контакт-борборунун телефон номуру аркылуу байланышыңыз: (0312) 61-00-61 же банктын кеңселеринен маалыматты алыңыз.
0
Medinaa
2018-02-06 19:39:43
Өзбектердики имиш го Бакай банк.
0
Snejana
2018-02-06 20:49:16
Кереги жок айланайын. Керек болсо, иштеген жеринден без% алсан болот. Болгону заявление жазасын, бутту.
0
Snejana
2018-02-06 20:49:49
77 сом жерде жатыптырбы.
+2
Snejana
2018-02-06 20:50:26
Керек болсо 7 сом дагы мандай тер менен келет.
+3
Kanzada97
2018-02-07 21:44:56
77 эле сом дейтго, 7 сом жоголсо чый пыйым чыгып кетет
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан