Ошто энеси тарабынан депкир менен эсинен тангыча сабалган наристе канга муктаж

Баласын сабаганга шектелип кармалган аялОшто энеси тарабынан депкир менен эсинен тангыча сабалган балага плазма (кандын сары суусу) куюлат. Мындай маалыматты кечээ, 6-февралда Ош шаардык социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын үй-бүлө жана балдарды коргоо бөлүмүнүн башчысы Гүлзина Раева билдирди.

Анын билдирүүсүнө ылайык, кечээ аталган башкармалыктын кызматкерлери наристеге барып, абалынан кабар алышкан.

"Бала жандандыруу бөлүмүндө жаткандыктан көп кишини киргизбей жатат. Биздин жетекчибиз эле кирип көрүп чыкты. Анын айтымында, келиндин бала тепкичтен кулап кетти деген көрсөтмөсү такыр дал келбейт. Анткени баланын денесинин баары көк ала болуп кетиптир. Ийне сайган учурда бир аз сезгендей белгилерди бергени менен, эсине келе элек", - дейт Раева.

Ал билдиргендей, наристеге кечээ кечинде кан куюлган. Ага плазма керек экендиги айтылган. Социалдык башкармалыктын 15 кызматкерлери кан берүү үчүн ооруканага барышкан.

"Ушул аракеттерден кийин баланын абалында өзгөрүүлөр болсо операция жасала турганын дарыгерлер айтып жатышат", - деди ал.

Эске салсак, Кара-Кулжа районунун 23 жаштагы тургуну Ошко эжесинин үйүнө келип, өзүнүн 2 жаш 8 айлык баласын депкир менен эсинен тангыча сабагандыгы маалымдалган. Кийинчерээк өздүк булактар анын сойкулук менен алектениши мүмкүн экендигин билдиришкен. Ал эми дарыгерлер эсин жоготуп ооруканага түшкөн наристенин абалы оор экенин, анын денесинде ур-токмоктон калган эски тактар да бар болгонун айтышкан. Бул факты боюнча Ош шаардык ички иштер башкармалыгы тарабынан кылмыш иши козголуп, тергөөнүн жүрүшүндө аял баласын шымына сийип койгондугу үчүн сабаганын айткан. Кийин келиндин туугандары табылбай жатканын, анын жана баласынын эч кандай документтери жок экенин Ош шаардык социалдык өнүктүрүү башкармалыгынан маалымдашкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (29)
Baku88
2018-02-06 18:47:40
Баланы урбай чокуну урбайсынбы таш боор ушунчалык да таш боор болосуңбу кебетен мн ХХХХ
+4
AzKumFerDan
2018-02-06 19:21:29
Мен берем кан каерге барыш керек
+7
raikakyz
2018-02-06 20:07:14
Урматтуу админ.Ушундай эле кордук коргон Ибрагимдин абалы кандай болуп калды экен.Мумкун болсо маалымат берип койосуздарбы.Байкуш ал наристе дагы комада жаткан эле 2 жыл мурун.Бул наристе да ылайым жакшы болуп кетсин.Алла шыпаасын берсин ылайым.Зоокур энеге кор кылбаш керек буйруса жакшы болгондо.
+4
admin_superstan
2018-02-07 10:08:33
raikakyz, саламатсызбы! Ушул шилтемеден окусаңыз болот. http://www.super.kg/kabar/news/193735/
0
raikakyz
2018-02-07 12:35:31
admin_superstan,Рахмат админ.
0
Baku88
2018-02-07 01:03:25
Супер сураныч тиги аял деген атка татыксыз неменин сүрөтүн алып салгылачы нервди кашайтпай
0
Baku88
2018-02-07 01:05:51
Итти да мынчалык сабабас адам баласы
+1
Djumaev0mur
2018-02-07 03:49:37
Бул саунада иштейтго
-1
Ersin1705
2018-02-07 04:35:57
Балам кичине жотолуп койсо чый-пыйым чыгат окуп алып ыйладым Аллахым шыфаасыны берип бутка туруп кетсе екен балапан.Бассам турсам дуа кылып журом Стамбулдамын башка колумдан келсе жардам берсем
0
NeRiNa
2018-02-07 08:20:14
Плазма куйган сон, канды медицинада лабараториядан откон кан куюшат эле го?
0
NeRiNa
2018-02-07 08:21:17
Кичинекей периште жакшы болуп кетсе экенб
+1
aizira
2018-02-07 09:26:14
Акмак!Байкуш баланын жанын кыйнап. Ал акмакты эне статусунан ажыратыш керек. мен баламды кичине эле чаап койсом кайра ыйлагым келип кетет. а анын ушунча урганга кандай колу барды экен
0
admin_superstan
2018-02-07 09:28:12
Djal1987, баш тамгалар грамматика эрежелерине ылайык гана колдонулушу керек.
0
Beks.Kasymov
2018-02-07 14:10:18
чын еле бул кызды бирр жарым таанывыйбы
0
only_progress
2018-02-07 17:48:36
Депкир деген эмне озу
0
Fidel
2018-02-08 02:59:44
Эркек башым менен эки кундон бери окуп, наристенин акыбалын ойлоп козумо жаш алып отурам!
0
Nora
2018-02-08 06:54:23
bul kelindi omur boiu erkinen ajyratuu kerek, enelik ukugunan dagy ajyratyp salgyla
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан