“13-айлык” деген мыйзамда жок, анын берилиши жөнүндө да айтылган эмес", - деп SUPER.KG порталына Ала-Бука райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун директору Санжарбек Таиров жооп берди.
"Бул акча ар бир мекеменин өзү чече турчу маселеси. Мисалы, бир жылдык айлык акыга бөлүнгөн каражат үнөмдөөнүн негизинде ашып кала турган болсо, мыйзамдын негизинде уруксат алынып, ошол мекеменин бардык кызматкерлерине арткан каражат тегиз бөлүнүп берилет”, - деди Таиров.
Айта кетсек, бүгүн, 6-февралда окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу кайрылып, Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районуна караштуу үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун кызматкерлерине "он үчүнчү айлык" деген берилбей калгандыгын айткан.