Ошто энеси тарабынан депкир менен катуу сабалган наристе 5 күндөн бери эсине келе элек

Ошто энеси тарабынан эсинен тангыча депкир менен сабалган 2 жаш 8 айлык наристе 5 күндөн бери эсине келе элек. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 7-февралда Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Берилген маалыматка ылайык, эсин жоготуп, оор абалда Ош облустук ооруканага жеткирилген наристенин абалы дале оор.

"Балага түтүк аркылуу азыктандыруу жүргүзүлүп жатат. Аны бүгүн, эртең айыгып кетет деп айтуу кыйын. Дарыгерлер бардык керектүү аракеттерди көрүп жатышат. Бирок башынан алган оор жаракатынан улам мээсине кислород жетпей калган. Анын баш сөөгүндө майда шишиктер көп", - дейт маалымат катчы. Баласын сабаганга шектелип кармалган аял

Дарыгерлердин айтымында, наристе ооруканага келгенде денесинин табы 34 градуска түшүп, муздап калган. Тез аранын ичинде баланын дем алуусун калыбына келтиришкени менен, ал ушул кезге чейин көзүн ача элек.

Эске салсак, Кара-Кулжа районунун 23 жаштагы тургуну өзүнүн 2 жаш 8 айлык баласын депкир менен эсинен тангыча сабагандыгы маалымдалган. Кийинчерээк өздүк булактар анын сойкулук менен алектениши мүмкүн экендигин билдиришкен. Ал эми дарыгерлер эсин жоготуп ооруканага түшкөн наристенин абалы оор экенин, анын денесинде ур-токмоктон калган эски тактар да бар болгонун айтышкан. Бул факты боюнча Ош шаардык ички иштер башкармалыгы тарабынан кылмыш иши козголуп, тергөөнүн жүрүшүндө аял баласын шымына сийип койгондугу үчүн сабаганын айткан. Кийин келиндин туугандары табылбай жатканын, анын жана баласынын эч кандай документтери жок экенин Ош шаардык социалдык өнүктүрүү башкармалыгынан маалымдашкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
raikakyz
2018-02-07 12:28:49
Оо Жараткан Аллам! Ылайым куноосуз наристеге шыпаа бере корчу.Оорудан айыгып,бактылуу жигит болушуна ырайым кыла кор. Оомийн!
+13
taalay25
2018-02-07 13:26:33
3,5 жашар кызымды эстеп журогум зыркырап кетти. Урмак тургай мудурулуп жыгылса журогун ооруйт. Кантип дити барып сабады экен?
+3
Gulnyr19
2018-02-07 14:06:56
Оо Алла өзүң шыпаа бере көр жаш балада эмне күнөө
+2
kechirmeni
2018-02-07 14:24:21
Кудайым озун баарына кудуреттуу затсын, ушул кичинекей куноосуз пендене шыпаа бер. Ушул макаланы окуган сайын ыйлагым келет. Эмне куноо дейм да байкуш ымыркайда. Ээн жакын ишенген адамы энеси,анан энесинин кылганы бул. Байкуш, энемен ушунчалык келтек жейм деп оюна келбесе керек эле. Байкушум ай байкушум. .. Кудайым шыпаа берип узаак жашасын, бактылуу инсандардан болсун. Энесине болсо Кудайым озу калыс зат, жазасын берсин
+6
Tolik77
2018-02-07 14:35:32
Кудайым озу колдоп айыгып кетсин
-1
Sveta23
2018-02-07 14:45:20
Супер инфо эмне үчүн бетин жаап көрсөтөсүздөр.Бүт мамлекетебиз билсин ким экенин.Ьаланы бербеш керек болду.Бир күн өлтүрүп алат мындай мээси жоктор
+2
taalay25
2018-02-07 15:18:17
Sveta23,тергоо иштери журуп атат азыр. Айыбын мойнуна сот гана коё алат "айыпкер" деп. Ага чейин жузун коргозгонго мыйзам жол бербейт. Коргозуп койсо сотко берсе женип алат
+2
Baku88
2018-02-07 16:33:27
Кудай жазанды 100 эселеп берсин
+1
evidens
2018-02-07 16:50:15
Окунгондой туру жокго бул туру сууктун.баланы кайра беретурган болсо бул дагы ушул кылыгын кылаберет.энелик укуктуан ажыратыш керек.сабаганда карап турган эжесинда сурака алгыла.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан