Түркмөнстанда окуучу кыздардын кыздык белгилерин текшеришти

Түркмөнстандын Дашогуз шаарынын мектептеринде, кээ бир райондордун борборлорунда окуучулардын телефондорунда порнографиялык мүнөздөгү видео жана сүрөттөр бар же жок экенин текшерүү жүрдү. Мындан сырткары жогорку класстардын окуучу кыздарынын кыздык белгилерин гинекологдор текшерүүдө. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазышты.

Маалым болгондой, өткөн жумада Түркмөнстандын түндүк облусунда билим берүү тармагынын кызматкерлери, Улуттук коопсуздук кызматынын өкүлдөрү, милиция кызматкерлери жана дарыгерлер уруксаты жок эле сабак учурунда класстарга кирип окуучулардын уюлдук телефондорун чогултуп кетишкен. Алар ичиндеги файлдарды текшерүү максатында чогултулганын билдиришкен.

“Эскертүүсү жок эле кишилер кирип келип баарыбыздын уюлдук телефонубузду чогултуп алды, алар эмне үчүн телефондорду текшерип жатканын айткан жок. Кийинчерээк порнографиялык материалдарды издегени белгилүү болду. Андай материалдарды дээрлик бардык окуучулардан тапты”, - дейт Дашогуз облусунун Гурбансолтан районундагы орто мектептин окуучусу.

Анын айтымында, порнографиялык материалдарды тапкандан кийин уюлдук телефондорун алышып, ата-энелеринин катышуусунда сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.

Жергиликтүү тургундардын айтуусунда, жогорку класстардын окуучу кыздарын мектептин медициналык бөлүмүндө катарга тизип алып текшеришти. "Кайсы кыздын кыздык белгиси жок болсо, апаларын чакырып элдин көзүнчө алардын тарбиясына көңүл бурууга чакырышты”, - деп журналисттерге белгисиз бойдон калууну каалаган тургун айтып берген.

Райондук полициянын кызматкери билдиргендей, акыркы учурда сойкулук менен алектенгендердин саны мектеп курагындагы кыздардын арасында көбөйгөнү текшерүүгө түрткү берген. Жакында эле Түркмөнстанда терс мүнөздөгү жана зордук-зомбулуктарды ТВ-программа жана кинолордон кетирбөө тууралуу мыйзам кабыл алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (29)
tular
2018-02-07 16:06:44
Бизде 50% кыздыгы жоктор болотго анда?!
+17
aiba.8327
2018-02-07 16:14:41
таза елеби..ээ
+1
ruskarakol
2018-02-07 16:17:19
80%жок болсо керек
+1
Ermekbai
2018-02-07 16:25:45
ruskarakol,билип билбей айтабербе. Сенинда кызың эже карындашың бар чыгааар. Башка инсандар жөнөндө жакшы ойдо болойлу.
+19
Pandora
2018-02-07 16:36:17
Туура кылат!!! Текшеруу керек!!!Бизди да текшерип туруш керек бул текшеруу алдында боло турган жаман окуялардан сактайт
+12
nemo2016
2018-02-07 16:43:28
Бизден кыздар намыстуу акылдуу
+20
tnt_ostrof
2018-02-07 16:54:16
Туура кылат
+5
SaLtY
2018-02-07 16:54:54
Биздин кезде бизди деле текшерген районный больницага алпарышып 9 класста беле.Жума сайын женсоветтеги эжекелер колдун тырмактарын,кофтанын жакасын,ич-кийимдин тазалыгын,башында бит,сирке жокпу текшерип турушчу . Азыр андай барбы жокпу Билбейм
+11
Nora
2018-02-08 06:44:22
SaLtY,

tuura aitasyn, bizdi da teksherchu ele gde top 90 jyldary, azyr andai jok bolso kerek.
0
Asyl.jazi
2018-02-07 17:01:26
Мектепте окуп жургон убакта СПИДге каршы курошуу деп бизге презерватив колдонсонор болот деп уйротуп кетчу эле. Ошол маалда ал эмне экенин деле билчу эмесбиз. Силер кайдагы текшерууну айтасынар, мектептерге барып колдонгонду уйротуп жатса
+20
sely
2018-02-07 17:42:07
Asyl.jazi,сен ошону туура эмес тушунуп алгансын Спид ке каршы тренингдерге мен да катышчуумун кийин озум да отуп журдум болгону туура кабыл алып туура тушунуш кк негизи акыл чойчогубузго байланыштуу
+2
Asyl.jazi
2018-02-07 23:19:14
sely,кандай туура кабыл алуу керек? окуучуларга ошол нерсени айтууга мумкунбу озу? ал жонундо айтсан кээбир окуучулар кызыгып кандай болот деп жасап коргондор коп да. анан ошол нерсе менен кошулса боло берет деген тушунук калат да окуучуларда. бул батыштын бизге берген тренингдери. сиз айткандай азыр баарыбыздын акыл чойчогубуз кыска болуп турган чакта
+2
Isco23
2018-02-07 18:04:53
Ичин ачып корот бекен не?
-5
toolos1982
2018-02-07 18:33:01
Isco23,кирип алып караса керекта☺
+4
BakytAliev
2018-02-07 19:27:02
toolos1982,жардыныз бирок ))
+2
aika2015
2018-02-07 18:05:22
Мпн деле былтыр эле мектепти буттум.Бизге да гинекологдор келип тушундуруу иштерин жургузуп кетчу.Бирок текшерчу эмес. Спид вич жонундо кенири эле маалымат алганбыз. Ал эми быйыл университетке ар бир кызды текшерип чыгышты го гинекологдор. Биздин группада орус улутугдагы бир кыз бар аны жон эле жерден алып жерге салып урушуп ит тамтыгын чыгарып салыптыр жакпады мага менин жашоом менен эмне иши бар жон эле текшерип коюу да анын жумушу деп суйлонуп журду эле. Калгандары таза эле чыкты Кудайга шуг
+4
karakulja
2018-02-07 18:11:02
Бизче айылдан чыкпайт мындайлар.Чон шаардан издесе болот
+1
jbolotov
2018-02-07 18:39:28
Биздеда твдардан бузулган нерселерди корсоткон каналдарды жабыш керек. Кыздарды текшерип туруу жакшы профилактика болмок.
+3
Rasul94
2018-02-07 19:36:31
код эле коюп койуш керек
+4
datkayimjan
2018-02-08 13:01:32
Кыз чыкпай калгандарды элдин козунчо шермендесин чыгарышса керек ушунча текшергенден кийин
0
nazira...
2018-02-08 15:40:59
Туркмондор интернет, телевидениеден бут порно дагы башка жаман нерселерди корсотпой запрет кылгандары учун болуш керек. Бир класста эле кыздардан чекеден чыкса кызык, а бизде андай аз жокко эсе да, эркек балдарда эле болбосо.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан