Өлкөдө психоактивдүү заттардын көбөйүүсүнө каршы күрөшүүдөгү көйгөйлөр айтылды

Бүгүнкү күндө адамдын акыл-эсине таасир берген психоактивдүү заттардын жаңы түрү миңге жетет. Бул тууралуу "Баңгизаттардын Орто Азиядагы жаңы түрлөрү жана алардын баасынын өзгөрүшү" деген аталыштагы тегерек столдо Ички иштер министрлигинин баңгизатты көзөмөлдөө боюнча комитетинин жооптуу катчысы Тимур Исаков билдирди.

Бүгүн, 7-февралда өткөн иш-чарада Исаков өлкө аймагында пайда болгон баңгизаттардын жаңы түрлөрү каттоого алынып жатканын белгиледи. Бирок аны колдонгондорго жана жок кылуу чараларын колдонууда Кыргыз өлкөсү башка мамлекеттерден бир нече кадам артта калып жатат.

"Себеби – базанын жоктугу. Психоактивдүү заттардын базасын өзүбүз түзө албайбыз. Ал үчүн абдан чоң каражат, керектүү жабдуу жана мээнет керек. Табылган зат канчалык деңгээлде адам баласынын ден соолугуна зыян алып келет жана анын жыйынтыгы кандай болорун аныктоо өтө көп убакытты талап кылат. Андан сырткары керектүү жабдуулардын жоктугу да ишибизди кыйындатууда. Атайын изилдөөчү мекемелер Орусияда, Европа өлкөлөрүндө бар. Биз чет элдик кесиптештерибиздин базасына көз карандыбыз", - деди жооптуу катчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан