Өлкөдөгү таштанды таштоочу жайлардын баарында экологиялык коопсуздук эрежелери сакталбайт

Өлкөнүн ири шаарларындагы таштанды таштоочу жайларды пайдалануу мөөнөтү кеминде 10 жылга чейин өтүп кеткен. Бул тууралуу бүгүн, 7-февралда Айлана-чөйрөнү жана токой чарбасын коргоо боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 2017-жылы өлкө аймагындагы таштанды таштоочу жайларды тизмеге алуу жана аларды текшерүү иштери жүргүзүлгөн.

“Тизмектеп чыгып, баарына текшерүү жүргүзүлдү. Жыйынтыгында бул жайларда техникалык, санитардык жана экологиялык коопсуздуктар сакталбай келгендиги белгилүү болду. Таштанды таштоочу жайлардын басымдуу бөлүгүнө 15 жылдан 20 жылга чейин пайдаланууга уруксат берилген. Андан бери 30 жылдан ашык убакыт өтсө да ал жайлар иштетилип жатат", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан