10 жылдан бери изделип жаткан Жамиля табылды. Ал эмне үчүн дайынын билдирбей жүргөнүн айтып берди

1990-жылы туулган Жамиля Нияз кызы Бишкектеги 11-кичи районундагы үйлөрдүн биринен 2007-жылдын июль айында чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп, 2017-жылы туугандарынын кайрылуусунан кийин милиция тарабынан издөөгө алынган.

Жамиля 6-февраль күнү Бишкектен табылганын SUPER.KG'ге Октябрь РИИБинин издөө бөлүмүнөн кабарлашты. Жамиля өз атын өзгөртүп алганын жана 10 жылдан ашык убакыттан бери эмнеге дайынын билдирбей жүргөнүн милиция кызматкерлерине айтып берди.Жамиля Нияз кызы, 10 жыл мурун.

"Кыз өз атын Бермет деп өзгөртүп алып Кыргыз мамлекетинин аймагында эле жүрүптүр. Атасынын тирүү экендигин жана өзүнүн издөөдө жүргөнүн билген эмес. Биз анын жүргөн жерин аныктап отуруп, 6-февралда шаардагы кичи райондордун биринен таптык. Ал Зиягүл Калмурзаева аттуу таежесинин банкка төлөш керек болгон акчаларын коротуп салгандыктан 10 жыл мурун үйүнөн чыгып кеткенин, коркконунан улам дайынын билдирбей жүргөнүн айтып берди. Өзүнүн айтуусуна караганда, Бишкектеги сулуулук салондорунун биринде иштеп жатыптыр. Биз бөлөсүнүн колуна өткөрүп бердик. Алар бүгүн эртең менен атасына жолугуу үчүн Ошко кетишти",- деп билдиришти РИИБден.

Жамиля Нияз кызын туугандары өздөрү 10 жыл издешип, жыйынтык чыкпагандыктан өткөн жылы милицияга кайрылышкан. Бул убакыт аралыгында ал турмушка чыгып, бирок 2 жыл мурун ажырашып кеткен. 17 жашында үйдөн чыгып кеткен кыз шаарда бир аял менен чогуу көп жыл жашап, аны "апа" деп алган. Өзүнүн айтымында, ал аял жакында каза болуп калган.

Буга чейин маалым болгондой, кыздын 1933-жылы туулган атасы Нияз Сулайманов учурда Кара-Суу районундагы Кара-Сөгөт айылында уулу менен бирге жашайт. Ал эми 1958-жылы туулган апасы 2002-жылы каза болуп калганы маалым болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (25)
daniel87
2018-02-07 17:39:16
Олтуро айттыныз куло берип ичим эзилип калды
+7
kana21
2018-02-07 18:22:44
Тооба кылдым
+5
jasgul
2018-02-07 18:25:07
Ырыс Жоомартова Айгул Шаршен кызынын синдиси болуп калабы ошондо. Ыраматылык ал да аралаштырып куралаштырып эле бир окуядан бир китеп жаза салчу.
+16
Kuba-savai87
2018-02-07 18:52:28
jasgul,Айгул шаршен каза болгонбу
+4
AKCAHAT
2018-02-07 18:29:00
Ачылып алыптырго блондинка болуп
+12
Kuba-savai87
2018-02-07 18:52:53
AKCAHAT,озунун жашынан чон корунот экен
+5
Nurtilek001
2018-02-07 19:10:21
Оз жашынан чон корунбойле сопсонун эле турат, эмнеси болсо да аман-эсен табылыптыр, эми туугандары кетирген катачылыгын кечирип, жоготуп койгон акчаны кечип эле койгула, жаштык кылып муктаж болгондо жоготуп койду да.
+8
aydarken
2018-02-07 19:13:33
Ошондо атасы 57 жашында тапкан кызы экенда дадилго.Атандан кабар ал атан 85 жашта экен торунон гору жакын болуп турганда сени коруп суйунуп калсын.
+10
Pandora
2018-02-07 19:18:54
Журогун,журок эмей эле ташго.Туунандары да айырмасы жок 10жылдан кийин издеп.
+4
arzygulR
2018-02-07 19:27:55
Тообо кылдым журок да бар экенда а кээбироолор атасын корууго зар болуп журсо
+6
Rasul94
2018-02-07 19:33:31
чачын ак тусго боёптур каерде жургону белгилуу.
+2
munar_8700
2018-02-07 19:40:08
Rasul94, точно таптын

0
toma95
2018-02-07 20:43:27
ушунча мээримсизсинби.Эне атанды ойлобой он жыл олуу тируунду билгизбей кантип журдун.
+5
Rasul94
2018-02-07 20:58:36
сен укпадын энекенди.билем билем дедин сен.......
+8
Nevestkaa
2018-02-08 08:55:39
Ой күлүк болот да адамдарда,ушул жаман жолдо жүрсө кк дегендер наоборотунан ойлоп көрсөк кандай болоор эле э?10жыл кичинекей эле Кырг.да кантип жүрдүң экен атаңды сагынбай,газетага интервью берүүсүн күтөбүз.
0
admin_superstan
2018-02-08 13:27:49
madina.87, MAB88, Medinaa, бирөөнүн дарегине карата далили жок маалыматтарды камтыган билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат.
0
isnur93
2018-02-08 13:38:14
"жыргаганыман жылкычы болуптурмунбу"дегендей бул деле жыргаганынан журбогондур,апасы олгондон кийин балким жашоосу жаман жакка бурулгандыр,ошого мажбур кылгандыр.Атасына керек болсо ошондоле издебейт беле,ошол учун айтылганда "энелуу жетим-эрке жетим.аталуу жетим- арсыз жетим."деп.бироонун жашоосун билбей туруп ар нерсени айта берген болбойт.
+2
karapayim
2018-02-08 17:08:25
Туугандары дагы озу дагы кызыктай адамдар экен. 10 жыл да оз алдынча издейби??? 10 кун изде... Анан кайрыл милицияга.. Озуно вообще соз жок, тируу турган ата энесинен качып барып, башка бироону апа деп... кыскасы........
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан