Шаардык сот да журналисттерге экс-президент Атамбаевге миллиондогон сом компенсацияны бөлүп төлөөгө уруксат берген жок

Бүгүн, 7-февралда Бишкек шаардык соту "Заноза.кг" сайтынын башкы редактору Дина Маслова, сайттын түзүүчүлөрүнүн бири Нарын Айып жана экс-депутат Чолпон Жакупова экс-президент Алмазбек Атамбаевге 30 миллион сом компенсацияны бөлүп төлөө боюнча арызын карады. Бул тууралуу SUPER.KG`ге журналист Нарын Айып билдирди.

Анын айтымында, шаардык сот Атамбаевге доону бөлүп төлөөгө уруксат берген жок. "Шаардык сот деле райондук соттун чечимин күчүндө калтырды. Биз айып төлөөдөн качпайбыз, бирок бир убакта төлөй албайбыз. Ошондуктан шартка карап, бардык айыптарды бөлүп төлөөнү суранганбыз. Эми Жогорку Сотко кайрылабыз", - деди Нарын Айып.

Буга чейин айыпка жыгылган тараптар ушундай эле өтүнүч менен райондук сотко кайрылып, сот ага макулдук берген эмес.

Мыйзамга ылайык, эгер айыпталуучулар белгиленген убакытта экс-президентке компенсацияны толук төлөп бербесе, аларга карата кылмыш иши козголуп 1 жылдан 2 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Эскерте кетсек, 2017-жылдын 30-июнунда Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту биринчи иши боюнча башкы прокурордун арызын толук канааттандырып, "Заноза" сайтын, анын башкы редактору Дина Маслова, сайттын түзүүчүлөрүнүн бири Нарын Айып жана экс-депутат Чолпон Жакупованы жалпысынан 12 миллион сом доого жыккан.

Ушул эле күнү дагы бир доо арыз каралып, анда соттун чечими менен “Заноза” сайты жана журналист Нарын Айып өз-өзүнчө 3 миллион сомдон төлөөгө милдеттендирилген.

3-июль күнү кезектеги доо арыз боюнча соттук отурум болуп өтүп, анда да Башкы прокуратуранын доо арызы канааттандырылып, сайт 6 миллион сомго, Нарын Айып 3 миллион сомго доого жыгылган.

4-июль күнү “Ата Мекен” партиясынын адвокаттарына байланыштуу доо арыз боюнча “Заноза” 3 миллион сом төлөөгө милдеттендирилген. Ошентип экс-президентке компенсациянын көлөмү баш-аягы 30 миллион сомго жеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
admin_superstan
2018-02-07 18:02:55
bayanis, адамдын намысына шек келтирген билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат.
0
KAYRATBEK
2018-02-07 18:13:16
30 милион ото эле коп. Экс президент бир аз напсисин тыйуу боюнча дагы бир ойлонуп корсо жакшы болмок.
+10
jbolotov
2018-02-07 18:23:57
Атамбаев ото кекчил адам окшойт,азыр андай акчаларды жогорку кызматтагылар коррупция жолу менен эле таппаса жонокой эл кантип толук толоп бермек эле? Же элдида массалык турдо колунан келсе коррупция кыл кылбасан камаласын деген законбу?
+9
Abdyrashit.Satylganov
2018-02-07 18:43:52
Байкуштар бир тырмакча үчүн канча деген айыпка жыгылып жатышат. Айкыйкатсыз чечим, жок дегенде бөлүп төлөөнү канатандырса болмок. Андан көрө ТЭЦтин коррупциялык ишин аныктап чыккыла, ошончолук баатыр болсоңор, башкы прокурор кана? Соттошконду сүйчү элего
+9
didu
2018-02-07 19:31:42
андан коро дачасудагы жукту иликтесенер боло.
+1
taku1414
2018-02-07 19:32:31
Анча акчаны жонокой журналистер кайдан табышат. Кредитке да анча акча беришпейт. Эл жардам берет окшойбуз. Мультимилионер 30 миллион сомун чыдамсыздык менен кутуп аткан го.
0
JaneEr
2018-02-07 19:34:07
Уят эмеспи.Ошончо жеп тойбоппу карапайым журналисттердин чонтогун тиктеп отурбай.
+1
JaneEr
2018-02-07 19:35:24
"Уурусу кучтуу болсо ээси доого жыгылат"-деген анык ушулго.
+3
33SUUN
2018-02-08 01:35:07
Шаардык сотко ишеним кетип бара жатат.Салянованын ишин карап райондук соттун чечимин кучундо калтырды.КРдин баардык соттору бир саясий буйрук же бир программада иш алып баруусу белгилуу болуп калды окшойт.Аиданын жогорку сотко кайрылуусу эми эч кандай ийгиликтуу жыйынтык алып келбейт ондуу.
0
NURSAPAR
2018-02-08 09:50:19
Жөн эле койбоптур экс президент. Же ошол акча менен боп кетейин деген ойлору бардыр байкуш
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан