2 баланын энеси Атамбиева оор илдет менен күрөшүп жатат. Жаш келин Орусияда кыйын шарттарда иштеп жүрүп 2 бөйрөгүнө суук тийген
Социалдык тармактардын колдонуучулары 2 балалуу жаш келиндин илдетинен айыгып кетишин тилеп жазышууда. Анда Перизат Атамбиева аттуу 26 жаштагы келиндин туш болгон дарты тууралуу жазылып, көпчүлүк анын бул сыноосуна кайдыгер карабай тургандыгын билдиришкен.
"Орусияда тиричилик деп оор шарттарда иштеп жүрүп эки бөйрөгүнө суук тийгизип алган. Учурда гемодиализ аппаратынын жардамы менен жашап жатат. Тез арада эки бөйрөгүн алмаштыруу зарыл. Операцияга 35-40 миң доллар керек", - деп жазылган интернеттеги баракчада. Анда "Перизат кичинекей 2 баласынын бактысына бар болсун" деп ага өмүр тилегендер да көп.
SUPER.KG порталы жаш келиндин абалын сурап байланышты. Анын айтымында, атасы Сейитбек Атамбиев 1-топтогу майып, 10 жылдан бери төшөктө жатат. Жолдошу балдарын багуу, Перизаттын дарыларын камсыздоо үчүн учурда Орусияда иштеп жүрөт.
Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Отуз-Адыр айылынын тургуну Перизат өзү да Орусияда эмгектенип жүрүп, эки бөйрөгүнө суук тийгенин айтты.
“Алгачкы жолу улуу баламды төрөгөндө ооруп, үй шартында дарыланып айыгып кеткем, экинчи жолу 2015-жылы 2-баламды төрөгөндө ооруду. Учурда эки бөйрөгүм тең иштебей калгандыктан дарыгерлердин көзөмөлүндөмүн, эки күндө бир жолу гемодиализге барып турам. Ар бир гемодиализге 6-7 миң сомдун тегерегинде акча кетет”, - дейт Атамбиева.
Бөйрөгүн алмаштыруу үчүн 35-40 миң доллар керек болгондуктан каражатты топтоого үй-бүлөсүнүн чамасы жетпей жатат. Күйөөсү тапкан акчасын Перизаттын учурдагы дарылануусуна да жеткире албай келет. Жакындарынын жардамы менен дарыланууну улантып келе жаткан жаш эне кайрымдуу адамдардын жардамына муктаж.
Жардам берүүнү каалагандар үчүн Перизат Атамбиеванын байланыш номери 0(554) 00-58-52, Перизаттын апасы Кутбү апа менен 0 (771) 39-41-00 номери аркылуу байланышууга болот.