Жогорку Cоттун төрайымы Ошто айрым соттор туура эмес чечимдерди чыгарып жаткандыгын айтты

Жогорку Cоттун төрайымы Айнаш Токбаева 2017-жылдын жыйынтыгын чыгарууга арналган иш сапары менен өлкөнүн түштүк аймагында жүрөт. Мекеменин маалымат кызматынан кабарлашкандай, Ош шаарында өткөн жыйында ал 2017-жылдын жыйынтыгы боюнча Ош облусунун жергиликтүү сотторунун караган иштеринин сапаты тиешелүү деңгээлде эмес экендигин айтты.

Төрайым айрым соттор туура эмес чечимдерди чыгарып жаткандыгын айтып, мындай чечимдер үчүн соттордун өздөрүнө кылмыш иши козголушу мүмкүн экендигин эскертти. Ошондой эле облустук сотторго Жогорку Сот менен биргеликте туура жана бирдей соттук практиканы иштеп чыгып, туура иш алып барууну тапшырды.

"Өткөн жылы жылдын жыйынтыгын чыгарып жатып, соттун төрагаларына ишти бардык сотторго бирдей бөлүштүрүү көрсөтмөсү берилген. Бирок 2017-жылда каралган иштердин анализи сотторго бирдей бөлүнбөй жаткандыгы дагы деле байкалууда. Мындай көрүнүшкө жол берилбеши керек. Соттордун баары бирдей статуска ээ экенин дагы бир ирет эсиңиздерге сала кетким келет", - деди Токбаева.

Жыйындын жүрүшүндө Жогорку Сотко маалыматтын так жана туура берилүүсүн жакшылап текшерүү керектигин эскертти. Анын билдиришинче, 2017-жылдын декабрь айында кээ бир жергиликтүү сотторду текшерүү мезгилинде Жогорку Сотко туура эмес маалымат берилип жаткандыгы аныкталган. Аны менен бирге ишти кароонун мөөнөтүн себепсиз создуктуруудан, ишти негизсиз кыскартуудан, шарттуу жаза белгилөөдөн жана жеңил жаза берүүдөн алыс болууга чакырып, ишти мыйзам чегинде гана кароону жана чечүүнү талап кылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
MaksCharbak85
2018-02-08 09:02:14
Кыргызстанда баардык эле соттор тура эмес чечим чыгарат, акчанын кулу болуп буткон
+6
Jelezo
2018-02-08 09:26:47
99 пайыз ишеним жок
+6
jasgul
2018-02-08 09:44:56
эч эле ишеним жок. Анткени далил жуйолор турса дагы, туура эмес чечим чыгаргандыгына озум кубомун. Эх, адилеттик качан орнойт.
+4
tursunbaev78
2018-02-08 12:11:57
Өзүңчү деген адам жок
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан