ЖЫЛНААМА, 8-ФЕВРАЛЬ: Дин аалымы Абдышүкүр Нарматов 50 жашка толду

Дин аалымы Абдышүкүр Нарматов 1968-жылы 8-февралда Баткен облусунун Кара-Бак айылында жарык дүйнөгө келген. Ал 1985-жылы мектепти бүтүрүп, 1989-1993-жылдары Ташкенттеги "Имам Бухари" университетинен, 1993-2000-жылдары Египеттеги Каир шаарынын "Аль-Азхар" университетинен шарият жана фикх илимдери боюнча билим алган.

2003-2006-жылдары "Алтын муун" кайрымдуулук фондунун мүдүрү, 2000-жылдан 2016-жылдын март айына чейин Кыргыз мамлекетиндеги Ислам университетинин ректору кызматын аркалап келген. 2014-жылы 4-мартта Абдышүкүр Нарматов Аалымдар кеңешинин төрагасы кызматына шайланган.

“Ислам негиздери”, “Бейиш жолу”, “Жашооңду өзгөрт”, “Өчпөс өмүр” китептеринин автору. Беш кыз, эки уулдун атасы.

8-февралга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Alinur
2018-02-08 10:03:40
АЛЛАХ ыраазы болсун ушундай инсандарыбыздан. Омуру узун болсун, дагы да элди жакшы жактарга угуттоп, жакшылыктардын устундо журо берсин.
+5
kyrgyz77777
2018-02-08 10:15:41
Tuura kabar jazgandi kachan uyronosunor? Bugunku kundo dele Kyrgyzstan Islam universitetinin rektoru bolup ishteyt.
-4
admin_superstan
2018-02-08 10:23:56
kyrgyz77777, саламатсызбы! Бул шилтемени окуп чыгууңузду сунуштайбыз. http://www.super.kg/kabar/news/141525/
0
Krai
2018-02-08 11:49:48
Кандай кана керемет инсан карачы 50 жашка толуптур мен муну 30 жаштардын эле тегереги болсо деп жургом Аллах ыраазы болсун кооп адамды ислам жолуна алып келген адам
0
Nevestkaa
2018-02-08 11:55:43
Өмүрүңүз узун болсун мына бул чыныгы аалым элдин арасында кадыр баркы бийик жапжакшына болуп бир эле аялы мн жашаса керек.Бизге көптөгөн акыл насааттарды айтып жүрө бериңиз.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан